Жалал-Абадда “7-Апрель – Элдик революция күнүнүн” 7 жылдыгы белгиленди
Бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянтында “7-апрель – Элдик революциясынын күнү” майрамынын 7 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган эскерүү митингисине Апрель Элдик революциясынын Баатырлары, облустук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, кадырман эмгек ардагерлери, бир катар улуттардын диаспоралары жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Эскерүү митингисинин катышуучулары жана бийлик өкүлдөрү ошол ыңкылапта шейит кеткен 8 Апрель Эл Баатырларынын урматына Эркиндик монумент эстелигине гүлчамбарларды коюшту.
7- Апрель – Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган эскерүү митингисин Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов ачты. Мындан жети жыл илгери Кыргызстандын жаңы тарыхында бурулуш окуя болгон Апрель революциясынын орду туурасында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев мына буларга токтолду.
- Эң алгач, баарыңыздарды Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы «7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү» майрамынын 7 жылдык мааракеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан куттуктаймын. 7-Апрель – Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында ондогон эр-жүрөк азаматтарыбыздын өмүрүн алып кеткен эң кандуу, бирок ошол эле учурда бийликтин элге каршы жүргүзгөн адилетсиз туура эмес саясатын кулатып талкалоодогу эң орчундуу окуялардан болуп калды. Элибиздин эркиндиги жана мамлекетибиздин бөлүнүп жарылгыс бүтүндүгүн камсыз кылууда Апрель революциясынын орду өзгөчө орунда тураары талашсыз. 2010-жылдын 7-Апрелинде дарыядай агылган эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн, өлкөбүздүн айкын келечеги үчүн майданга чыгышкан.
Адилеттүүлүк үчүн башын сайып, ажалдан кайра тартпай өз өмүрлөрүн кыйган азаматтарыбыздын эрдиктерине биз ар дайым таазим кылабыз жана алар менен сыймыктанабыз. Апрель революциясынын баатырлары элибиздин бакубат эркиндикте жашоосу үчүн өз өмүрлөрүн сайышып, өлүмгө коркпой тике карашкан. Мындан 7 жыл мурда үй-бүлөлүк башкаруу бийлигине каршы аянттагы калын элге атылган октон 87 адам каза болуп, 300гө жакыны жаракат алышкан. Эркиндик жана чындык, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн шейит кеткендерди унутууга акыбыз жок!
Апрель революциясы жаш муундарды мекенчилдикке үндөөчү жана тарбиялоочу улуу күн болуп калаары талашсыз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович 2016-жылдын 4-апрелинде “Аксы окуяларынын”, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Ал жарлыкта: «Өткөн мезгил көрсөткөндөй 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары, 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциясы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциясы кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунда Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы эң зор үч ашуу болгондугун баса белгиледи. Бул үч окуя эркиндик менен адилеттүүлүк кыргыз элинин канына да, жанына да сиңип калганын бүтүн дүнүйөгө далилдеген”.
Апрель революциясынын жетишкендиктерин түбөлүккө сактап калуу жана өлкөбүздүн ыргактуу өнүгүп өсүүсү үчүн бизге эң зарылы жана абдан баалуусу көп улуттуу элдерибиздин ынтымакчылыгы менен ырашкерлиги, болоттой бекем ширелишкен достугу экендигин эч качан эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк менен коомубуздагы бекем туруктуулук, элибиздин ынтымагы менен биримдиги гана алга карай өнүгүүнүн ишенимдүү кепилдиги экендигин жадыбыздан чыгарбайлы. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!,- деди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.
7 - Апрель – Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган эскерүү митингисинде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кыргыз Республикасына өтөгөн өзгөчө эмгеги үчүн Аксы районунун тургуну, Апрель Эл Баатыры Муратбек Турдубаевге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасын, Жалал-Абад шаарындагы Достук аймактык башкармалыгынын №128 кварталдык комитетинин төрайымы Бактыгүл Алиевага, “Кыргыз туусу” газетасынын Жалал-Абад облусундагы өз кабарчысы Мейманбү Акжоловага Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Алкышын, ал эми КРнын Премьер-министринин кол сааты Апрель Эл Баатыры, Жалал-Абад шаарынын тургуну Нурбай Орозовго сыйлыктарын тапшырды.
Апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган эскерүү митингисинде Жалал-Абад облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, Жалал-Абад шаарынын тургуну, Апрель Эл Баатыры Батыр Абдыразаков сөз сүйлөштү.
Апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган эскерүү митингсинин соңунда Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз ажы Закиров шейит кеткендердин жаркын элесине атап куран түшүрдү. Эскерүү митингиси аяктаган соң анын катышуучуларына өнөрпоздор тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13