KELECHEK
rek

Жалал-Абадда эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдап чыгаруунун жолдору талкууланды

Жалал-Абадда эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдап чыгаруунун жолдору  талкууланды

Кечээ, 3-апрелде Жалал-Абад шаарындагы “Мөлмөл” тейлөө комплексинде кыска убакыт аралыгында эмгек рыногуна керектүү болгон адистерди даярдап чыгарууга  арналган семинар-кеңешме болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

“Жалал-Абад облусунда кыска убакыт мезгилинде эмгек рыногуна керектүү болгон жумушчу адистерди даярдап чыгаруу” деген темадада өткөрүлгөн семинар-кеңешменин ишине Жалал-Абад шаарынын вице-мэри, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, облус аймагындагы кыш чыгаруучу, пахтаны кайра иштетүүчү заводдордун жетекчилери, айыл чарба, өнөр жай, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагында иш алып барган жеке ишкерлер менен фермерлер, дыйкан чарбаларынын жетекчилери жана облус аймагындагы кесипчилик-техникалык билим берүү лицейлеринин жетекчилери катышты.

Семинар-кеңешменин катышуучуларын КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков кутуктап, семинар-кеңешеминин катышуучуларына пайдалуу ишти алып баруудагы демилгелүү иш-аракеттерине ийгилик каалады.

Семинар-кеңешмеде кайрымдарды өнүктүрүү фондунун кыска убакытта жумушчу адистерди даярдап чыгаруу боюнча фонддун улуттук консультанты Адибахон Хайтматова кенен маалымат берди.

Кыргызстанда кайрымдарды (адистерди кайра даярдоо) өнүктүрүү фонду тарабынан акыркы жылдары бир катар алгылыктуу иш-аракеттер жасалып жатат. Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен колдоого алынган бул ищ-аракеттерди жандандыруу багытында бир топ саамалыктуу иштер жасалууда. Эң башкысы калктын аярлуу катмараларын – социалдык колдоого муктаж болушкан үй-бүлөлөрдү, мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарды, эмгек мигранттарын такай жана жумушсуз жүрүшкөн жардарды жумуш орундарын менен камсыз кылууда КӨФ (Фонд разивития навыков) тарабынан бир топ саамалыктуу иштер жүзөгө ашырылган. Анын натыйжасында 1 айдан 6 айлык кыска мөөнөттүү атайын адистиктерди даярдоо курстарын бүтүрүп чыгышкан квалификациялуу адистер Кыргызстан боюнча курулуш, өнөр жай тармагы, айыл чарбасы, кайра иштетүү жана тейлөө тармагында кыйла ийгиликтерди жаратууну камсыз кылышты. Бул маселеге кызыккан 5 миңден ашуун атуулдардан кайрылуулар келип түшкөн.

Семинар-кеңешменин жүрүшүндө кыска убакыттын аралыгында квалификациялуу адистерди даярдап чыгаруунун жолдору жана аларды иш менен камсыз кылуунун оптималдуу варианттары туурасында кеңири пикир алышуулар болду. Азыркы учурда эмгек рыногуна керектүү болгон квалификациялуу адистерди даярдоо жана кайра даярдап чыгаруу боюнча Кыргызстанда 78 профессионалдык лицейлер менен коллеждерде атайын окутуулар ишке ашырылып жатат. Аны каржылоону Азия өнүктүрүү банкы колдоого алган. Семинар-кеңешмеге катышкан компаниялар менен фирмалардын жана жеке ишкерлер менен дыйкан чарбалардын жетекчилери эки тараптуу кызматташууну жандандырууга кызыктар экендиктерин жашырышкан жок. Алар өз иш билген жана кесибин кастарлаган жаш адистер менен иштешүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

     Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18