Акыйкатчы: бийлик менен жарандык коомдун ажырымы тереңдеп баратат
Өлкөдө бийлик менен жарандык коомдун ажырымы тереңдеп баратат. Мындай пикирин акыйкатчы Кубат Оторбаев “Сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” деп аталган тегерек үстөлдө сүйлөп жатып билдирди.
«Бийлик менен коомдун анын ичинде оппоненттер ортосунда дагы консенсуска келүү зарылчылыгы бар. Өзгөчө бийликтин оппоненттерине болгон айыптар мыйзам негизинде алынган, четке кагылгыс, салмактуу далилдер менен бекемделиши талапка ылайык болушу керек. Тилекке каршы, иликтөө жана сот процесстеринде моюнга алдыруунун куралы катары кыйноолор, атайын жасалма бут тосуу, талап-тоноочулук, коркутуулар дагы деле колдонулуп жатат», — деди ал.
Акыйкатчынын айтымында, жарандык активисттер тарабынан нааразычылыктар арбып, багыты башка ой жүгүрткөндөрдүн камакка алынышы, көз карандысыз ММКларга карата миллиондогон соттук териштирүүлөр өлкөдө жаңы саясий доордун башталышынан кабар берүүдө.
18-мартта Бишкекте сөз эркиндигин колдоо жүрүшүнө чыккандардын арасында беш активист милиция тарабынан кармалып, беш күнгө камакка алынган. Ал эми 25-мартта саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингде милиция 60тан ашуун кишини кармап кеткен. Мурдараак Башкы прокуратура бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарын президенттин аброюна шек келтиргени үчүн сотко берген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









