Жалал-Абад шаарында өрт кырсыктары эки эсе азайды
Жалал-Абад шаарында быйылкы жылдын биринчи кварталында ар кайсы себептер менен чыккан өрт кырсыктарынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе азайган. Бул тууралуу шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнөн кабарлашты.
Алынган маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде шаар ичинде 8 өрт кырсыгы катталса, өткөн жылдын ушул мезгилинде өрт кырсыктарынын саны 16га жеткен эле. Ошондой эле, быйылкы жылы өрт кырсыгынан келип чыккан материалдык зыяндардын өлчөмү 114 миң 947 сомду түзсө, өткөн жылы ушул мезгилде зыяндын көлөмү 976 миң 747 сомго жеткен болчу. Шаардык өрткө каршы кызматтын өздүк курамынын аракети менен 2 миллион 650 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган.
Өрттүн чыгуу объектилерин алып караганда, быйылкы жылы турак үйлөрдө, мамлекеттик мекемелерде, унаа коюучу жайларда, жеке менчик ишканаларда, жол боюндагы же ачык жайда турган чөп үймөктөрүндө, таштандыларда өрт кырсыктары катталбады. Бирок, короо-жайдагы курулуш объекттеринде чыккан өрт кырсыгы өткөн жылга караганда эки эсе көп катталган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13