Жалал-Абад облустук соту жаңы имаратка көчүштү
Жалал-Абад облустук сотунун жаңы имаратынын ачылышы болуп, ага Жогорку соттун төарагасы Айнаш Токбаева жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо орагандарынын жетекчилери, коомчулук катышты. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарада Жогорку соттун төарагасы Айнаш Токбаева, акыркы жылдары сот тутумун реформалоонун алкагында, аны каржылык жана материалдык-техникалык жактан жетиштүү камсыз кылууга мамлекет тарабынан чоң көңүл бурулуп келгендигин билдирди.
Ал эми Сот департаментинин директору Р. Ибраимов Жалал-Абад облустук сотунун Төрагасы Ш.К.Камбаровго «Тойота Кэмри» үлгүсүндөгү, Чаткал райондук сотуна жана Тогуз-Торо райондук сотуна «НИВА» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалардын ачкычтарын тапшырды.
Соттун имараты 3 кабаттан, 29 бөлмөдөн турат, анын ичинен 13 иш бөлмө судьяларга, 3 сот отурумунун залы, 1 конференц-зал, калган бөлмөлөр кеңсеге жана соттун аппарат кызматкерлерине бөлүндү. Имаратта сапаттуу заманбап оңдоо иштери жүргүзүлүп, жасалгаланды.
Мындан сырткары, коопсуздук маселеси чечилип, милициянын кайтаруусуна алынып, электрондук кулпу менен эшиктер жана турникет орнотулду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53