
Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин Кубогуна арналган спорттун мини-футбол мелдеши жыйынтыкталды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Төрт күнгө созулган спорттун мини-футбол боюнча мелдешине облустун район-шаарларынан 24 команда катышты. Булгаары топ чеберлери күйөрмандарга өздөрүнүн эң мыкты оюндарын тартуулашты. Спорттун мини-футбол боюнча өткөрүлгөн облус жетекчисинин Кубогуна арналган мелдештин финалдык оюнунда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын “Динамо” жана Жалал-Абад шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Петролеум компани” командалары чыгып, 2-1 эсебинде “Динамо” командасы жеңишти колго киргизди жана облус жетекчисинин Кубогунун ээси болуп калды. Ал эми 3-4 орун үчүн болгон мелдеште “Жалалабатэлектро” ААКсынын “Энергетик” командасы “Байлык финансы” компаниясынын командасы менен беттешип, 4-2 эсебинде “Энергетик” командасы жеңишке жетишти.
Биринчи жана төртүнчү орундарды камсыз кылган командаларга Дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен медалдар тапшырылды. Мындан сырткары спорттун мини-футбол турниринин эң мыкты дарбазачысы, коргоочусу, чабуулчусу, бомбардири, мыкты калысы, мыкты ардагер оюнчусу жана мелдештин бардык оюндарын үзгүлтүксүз өткөрбөй көргөн күйөрман номинациясы боюнча дагы жеңүүчүлөр аныкталып, аларга дагы футбол тобу жана спорттук формалар белек катары тапшырылды.
Байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга сыйлыктарды КР футбол федерациясынын түштүк аймагы боюнча катчысы Тайырбек Чойбеков, Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Барчынбек Жантөрөев жана КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын башкы адиси Эрнис Бөрүбаев тапшырды.
Спорт – бул тынчтыктын элчиси. Спорт – бул ден соолук дегендей төрт күнгө созулган спорттун мини-футбол боюнча облус жетекчисинин кубогуна арналган мелдешке катышкан командалардын булгаары топ чеберлери жүздөгөн күйөрмандарга эң мыкты оюндарды тартуулашты. Мелдештин башкы демөөрчүсү КР дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери Жапар Капаров жетектеген Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы болду.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20