Өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков коомдук уюмдардын жетекчилерин кабыл алды
Бүгүн, 28-мартта КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков коомдук уюмдардын жетекчилерин иш бөлмөсүндө кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
Жолугушууга облустук согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгекчилердин ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, облустук аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжанова, “Союз Чернобыль” коомдук бирикмесинин төрагасы Элдияр Исраилов, Баткен коогалаңынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустам Амиракулов жана облустук ардагерелер кеңешинин төрагасынын орун басары Сүйөркул Бакиров катышты.
Жолугушууда облустук коомдук уюмдардын жетекчилери өз тармактарындагы иштердин жүрүшү жана өздөрүнүн көйгөйлүү маселелери туурасында ачык-айрым маанайда кеңири ой бөлүштү. Облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев облус аймагында 100 миңден ашуун пенсионерлер бар экендигин белгилөө менен алардын пенсияларын индексациялоо маселесине көңүл буруу, Жалал-Абад санаториясында согуштун жана эмгектин ардагерлерине 1 бөлмө ажыратуу зарылдыгын ортого салды. Ал эми облустук аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжанова облус калкынын 51 пайызын аялдар түзөөрүн эске салып, аялдар кеңешинин ишин жандандыруу максатында бир бөлмө ажыратып берүү өтүнүчүн билдирди. Аялдарды 8-март жана “Энелер күнүндө” гана эскербестен аларды коомдук турмушка активдүү катыштыруу сунушун билдирди. Ал эми “Союз Чернобыль” коомдук бирикмесинин төрагасы Элдияр Исраилов Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш сейил багында тургузулуучу чернобылчылардын эстелигине каражат жагынан жардам көрсөтүү сунушун айтып кетти. Баткен коогалаңынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустам Амиракулов Эгемендүү Кыргызстанды сырткы душмандардан коргогон жигиттерге ипотекалык кредиттен жардам көрсөтүлсө деген пикирин ортого салды.
- Урматтуу коомдук уюмдардын жетекчилери, Сиздер тарабынан айтылган бардык сунуштар биз тараптан сөзсүз эске алынат. Улуу Ата Мекендик согуштун кадырман ардагерлери жыл өткөн сайын улам азайып баратат. Азыр облус аймагында болгону 95 согуштун ардагерлери калды. Аларга ар тараптуу сый-урматтарды жана камкордуктарды көрүү биздин башкы парзыбыз. Облустагы райондордун мамлекеттик администрация башчылары – акимдер менен шаарлардын башчылары болгон мэрлер коомдук уюмдар менен тыгыз байлынашта иш алып баруусу алардын иш-аракеттеринин негизги бөлүгүнө кирет. Облустун аймагындагы санаториялар, алардын менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдардын өтүнүч талаптарын аткарууга милдеттүү. Силер тарабынан айтылган ой-сунуштарды мен колдоймун жана мындан ары тыгыз байланышта иш алып барабыз деп ишенемин. Кандай гана маселе болбосун мага түз кириңиздер, сиздер үчүн менин иш бөлмөмдүн эшиги ар дайым ачык,- деди жолугушууну жыйынтыктаган ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13