
Япония эли менен Жалал-Абад шаарынын ортосундагы пайдалуу кызматташтыктар күчөтүлөт (ФОТО)

Мындан ары Япония эли менен Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагы жана коомчулугу ортосундагы пайдалуу кызматташтыктар күчөтүлөт. Бул тууралуу Япниянын Кыргызстандагы элчилигинин 3-катчысы Юри Накагава шаардагы Б. Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясында болгон кезде белгилүү болду.
Юри Накагава айымдын мектептеги жолугушуу иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаев жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Ырысбек Калчаев катышты.
Аталган гимназия-мектебинин директору Кульнара Мамытованын айтымында, мындагы негизги максат - эки элдин ортосундагы билим берүү багыты боюнча кызматташтыкты күчөтүү.
- Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата достукту, ынтымакты бекемдөө багытындагы мындай иш-чаралар ар тараптуу маданий байланыштардын өнүгүүсү менен коштолушу шарт . Бул жолугушуу учурунда япон эли менен кыргыз элинин жашоосундагы, билим берүү жана маданият жаатындагы окшоштуктар ортого салынып, тыгыз кызматташуулар тууралуу кепп болду, - дейт ал.
Юри Накагака айымдын айтымында, кыргыз жана япон элдеринин окшоштугу - бул алардын меймандостугу. Ал мугалимдер жамаатына жана окуучуларга япон элинин, урп-адаты, каада-салты жана бүгүнкү күндөгү билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөрү тууралуу атайын даярдап келген слайд аркылуу жолугушууга катышкандарды тааныштырды.
Жолугушуунун соңунда келген конокторго мектеп окуучулары тарабынан түрдүү улуттардын ыр-бийлери коштогон чакан концерттик программа тартууланды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30