KELECHEK
rek

Жалал-Абад маданият техникумунун мугалимдери өз ара спорттук мелдештерди өткөрүштү

Жалал-Абад маданият техникумунун мугалимдери өз ара спорттук мелдештерди өткөрүштү

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Жалал-Абад маданият техникумунун мугалимдери өз ара спорттук мелдештерди өткөрүштү жана бул саамалыкты апта сайын кайталап турушмакчы. Бул туурасында Жалал-Абад маданият техникумунун директору Абдижалил Таштанов  билдирди.

Анын айтымына караганда, чыгармачыл педагогикалык жамаат мүчөлөрү бул мелдеште активдүү катышып, “Чыңалсын денең спорт менен” деген аталышта спорттун волейбол, теннис, тогуз коргоол, шахмат түрлөрү боюнча күч сынашышты.

- Башкы максатыбыз - окуу мезгилинен сырткары бош убакытты сергек жашоого багыттоо, эмгек жамаатынын ынтымагын бекемдөө. Буга чейин да студенттер жана  мугалимдер арасында мындай иш-чаралар такай өткөрүлүп келген. Буюрса, мындан ары аталган окуу жайда жума сайын сабактан кийин спорттук оюндарды уюштуруп турууну салтка айлантуу демилгесин көтөрүп жатабыз, - дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, оюндун жыйынтыгында алдыңкы орундарга жетишкен командаларга окуу жайынын администрациясы тарабынан Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эскерте кетсек, 1980-жылдан бери иштеп келе жаткан бул окуу жайда “Китепкана”, “Иш жүргүзүү жана социалдык маданий ишмердүүлүктү уюштуруу”  бөлүмдөрүндө  167 студент билим алып, 32 мугалим эмгектенет. Шаарда кандай гана маданий иш-чаралар өткөрүлбөсүн, ага маданият техникумунун студенттери дайыма катышышып, активдүүлүгүн көрсөтүп келишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20