Жалал-Абадда 134 ветеринарга жабдуулар жана мотоциклдер тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана АРИС долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун аймагындагы 134 жеке өз алдынча иш алып барышкан ветеринарга товардык грант түрүндө 14 млн. 268 миң 52 сомдук ветеринардык жабдуулар жана мотоциклдер тапшырылды.
Бул иш-чарага айыл чарбасын тейлеген райондордун акимдеринин орун басарлары, айыл чарба департаментинин башчылары жана ветеринар адистер катышты.
- Кыргызстанда айыл чарбасы менен мал чарбасы негизги тармак болуп саналат. Тээ союз мезгилинде ветеринария боюнча атайын мыйзам иштеген. Адамзатты медицина эмес, ветеринария сактайт деген түшүнүк өз маанисин азыр деле жогото элек. Облустун ветеринария тармагында иштеп жатышкан адистерге товардык грант түрүндө тапшырылып жаткан жабдуулар менен мотоциклдер алардын натыйжалуу иш алып барууларына мыкты өбөлгө болооруна терең ишенемин,- деди КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн реалдуу өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаев.
Жалал-Абад облусундагы жеке иш алып баруучу 134 ветеринардын ар бирине наркы 53750 сом турган ТМ-150-10 “TianMA” мотоциклдери жана ветеринардык хирургиялык инструменттер менен жабдуулар салынган, ар биринин наркы 106 миң 478 сомду түзгөн ветеринардык сумкалар тапшырылды. Бул иш аракеттер жеке ветеринарлардын кесиптик жана техникалык дараметтерин жогорулатууга багытталган. Эми мындай транспорттук техникалык жана ветеринардык жабдуулар менен камсыз болушкан жеке ветеринар адистер мал жандыктарынын ар кандай оорулары менен ылаңдарын дарылап сакайтууда чоң мүмкүнчүлүккө ээ болушту деп айтууга толук негиз бар. Кеп, эми тартууланган товардык грантты натыйжалуу иштетип, пайдаланууда калды.
Жолдошбай Осмонов, журналист.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13