Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп Ырысбек Ызабеков дайындалды
Бүгүн, 25-мартта Жалал-Абадда уюштуруу маселесин караган облустук активдин жыйыны болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
Жыйынга облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, Базар-Коргон, Сузак жана Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдер, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларынын мэрлери жана вице-мэрлери, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жооптуу кызматкерлери жана массалык маалымат каражатарынын өкүлдөрү катышты. Облустук активдин жыйынын КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ачып, сөздү КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жетиген Бакировго берди.
Жетиген Бакиров КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 24-мартында ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркуловдун ээлеген кызматынан бошогондугу жөнүндө жана Ырысбек Ызабековдун ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары болуп дайындалгандыгы туурасындагы буйругун окуп берди.
Облустук активдин жыйынында Кыргыз эл акыны Рахматулла Козукеев, Жалал-Абад облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын бөлүм башчысы Кадыр Бечелов кызматтан бошогон Бактыбек Анаркуловго жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн жаңыдан дайындалган орун басары Ырысбек Ызабековго карата аксакалдык каалоо-тилектерин билдиришти.
Ырысбек Ызабеков туурасында кыскача маалымат:
1962-жылы 9-октябрда Аксы районунун Кичи Ак-Жол айылында туулган. Билими жогорку, 1986-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун аяктап, инженер-куруучу адистигине ээ болгон. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин аяктап, юрист адистигин алган. Мамлекеттик кызматтын 1 класстагы кеңешчиси. Эмгек жолун 1979-жылы Жаңы-Жол совхозунда катардагы жумушчудан баштап, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын биринчи вице-мэри, Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары, Майлуу-Суу шаардык мэриясынын милдетин аткаруучу болуп иштеген. Буга чейин КР Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын борбордук аппаратында башкы адис болуп иштеп келген.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13