Жалал-Абадда Баткен согушунун катышуучулары антитеррордук иш-чара өткөрүшөт
Жалал-Абад шаарында 1999-2000-жылдары болуп өткөн Баткен согушунун катышуучуларынын Жалал-Абад облустук жана шаардык кеңеши антитеррордук иш-чара өткөрүүгө камынып жатат. Бул тууралуу Баткен согушунун катышуучуларынын облустук жана шаардык кеңешинин төрагасы Рустамбек Амиракулов билдирди.
Анын айтымында, 25-март күнү Жалал-Абад шаарынын чоң жыйындар залында антитеррордук темадагы семинар уюштурулуп, ага облустук жана шаардагы Баткен согушунун катышуучулары катышмакчы.
-Биз бул иш-чараны уюштуруу менен Баткен согушуна катышып, эгемен Кыргызстанды сырткы жоодон коргогон эр-азаматтарыбызга бүгүнкү күндөгү терроризм, анын дүйнөлүк кесепеттеринин кулач жайып баратышы, ага каршы туруунун жолдору тууралуу кеңири сабактар өтүлмөкчү. Окутуу үчүн Бишкектен, Оштон дасыккан адистер келишет. Окуунун жыйынтыгы менен анын катышуучуларына сертификаттар берилет. Биз бүгүнкү тынчтык күндөрүндө элибизде, жерибизде тынчтыктын сакталышы боюнча өз салымдарыбызды кошууга аракет кылабыз, - дейт ал.
Эскерте кетсек, мындай иш-чара буга чейин Ош шаарында болуп өткөн. Мындан ары да өлкөнүн башка аймактарында ал улантыла бермекчи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13