KELECHEK
rek

Лондон полициясы: шаршембидеги кол салуу ислам терроризмине байланыштуу

Лондон полициясы: шаршембидеги кол салуу ислам терроризмине байланыштуу

Лондон полициясы британ парламентинин жанындагы кол салууну ислам терроризмине байланыштырды. Бул тууралуу «Скотланд-Ярддын» контртеррористтик бөлүмүнүн башчысы Марк Роули билдирди. Шаршембиде парламент имаратынын жанындагы кол салуудан 4 киши мерт кетип, 40тан ашыгы жаракат алган.

«Скотланд-Ярд» өкүлүнүн айтымында, полиция кол салган адамдын тек жайын аныктады, бирок азырынча анын аты-жөнү айтылган жок.

Шаршембиден бейшембиге караган түнү британ полициясы Бирмингемдеги батирлердин биринде рейд өткөрдү. Операция бир канча саатка созулуп, шектүү адамдар кармалды. Алгач укук коргоо органдары тинтүү иштеринин Лондондогу кол салууга байланышы бар экенин айтышкан эмес. Мурдараак ММКлар көчөдөгү адамдарды сүзгөн автоунаа Бирмингемде ижарага алынганын кабарлашкан.

22-мартта Улуу Британия парламентинин жанындагы Вестиминстер көпүрөсүндө автоунаа жөө жүргөн адамдарды сүзгөн. Андан соң анын айдоочусу бычак менен парламенттин алдында нөөмөттө турган полициячыга кол салган. Полициянын маалыматы боюнча, бул чабуулдарды бир эле киши жасап, жыйынтыгында 4 киши мерт кетип, 40ка жакыны жаракат алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...