Транспорт министри Жамшитбек Калилов Бишкек -- Ош автомагистралынын абалы менен таанышты
КР Транспорт министри Жамшитбек Калилов Бишкек – Ош автомагистралынын төртүнчү фазасына кирген Маданият – Бек-Абад автомагистралынын учурдагы абалы менен жеринде таанышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
Министрди КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана облустук ПЛУАД-6 ишканасынын жетекчиси Камил Абдыкалыков бирге коштоп жүрүштү.
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айбек Бегимкулов КР Транспорт министри Жамшитбек Калиловдон борбордук базардын бет маңдайындагы эки тараптуу жолду асфальтоого жана Базар-Коргон – Арстанбап ички жолун тейлеген ДЭУ ишканасынын техникалык паркын жаңылоого көмөк көрсөтүүсүн жана Бекмамат Осмонов көчөсү менен Бишкек -- Ош автомагистралына кошулган жерине светофор орнотуу өтүнүчүн айтты. Акимдин айтуусунда светофордун жоктугунан ушул жерде автоавариялар көп катталып жатат. Министр айтылган маселелер боюнча колдон келген жардамын берээрин айтуу менен светофорду Бишкек – Ош автомагистралынын төртүнчү фазасын бүткөрүүдө эске алынаарын билдирди. Учурда Бишкек – Ош автомагистралынын Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы участкаларында жолду тейлөө башкармалыктары тарабынан кыштан кийинки пайда болгон жолдогу пайда болгон чуңкурларды ремонттоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эркинбек Маматаев жана Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жетекчилери Бишкек – Ош автомагистралынын райондун аймагындагы бузулган жерлерин ремонттоо жана Кочкор-Ата базарынын жанынан өткөн 300 метр. аралыкты түзгөн жолдун көйгөйүн тезирээк чечүүгө министрден жардам сурашты. КР Транспорт министри Жамшитбек Калилов Кочкор-Ата шаарынын базарынын жанынан өтүүчү 300 метр келген аралыктагы жолду асфальттоо жумуштары апрель айында башталаарын ишендирип кетти.
- Бишкек – Ош автомагистралынын төртүнчү фазасына кирген Маданият – Бек-Абад жолунун 67 км. түзгөн аралыгын толук реаблитациялоо жумуштары быйылкы жылы башталат. Бул максатта Европа өнүктүрүү банкы тарабынан 60 млн. доллар каражат каралган. Жолду реаблитациялоонун техникалык экономикалык негиздери толугу менен иштелип чыгылган. Учурда жолдун курулушуна кызыктар болгон 5 ири компаниялар тендерге катышып жатышат. Бул аралыктагы жолдун курулушу быйылкы жылы башталып, толугу менен 3 жылда бүткөрүлөт,- деди КРнын Транспорт министри Жамшитбек Калилов.
Бишкек – Ош автомагистралынын Маданият – Бек-Абад аралыгындагы 67 км. келген жолдун курулуш иштери көп жылдардан бери создуктурулуп, башталбай келүүдө.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38