KELECHEK
rek

Кыянбек Сатыбалдиев: “Бишкек – Ош автожолунун Маданият – Бек-Абад аралыгындагы жолдун курулушу быйыл башталат”

Кыянбек Сатыбалдиев: “Бишкек – Ош автожолунун Маданият – Бек-Абад аралыгындагы жолдун курулушу быйыл башталат”

Кечээ, 22-мартта КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев массалык маалымат каражаттарына маалымат жыйынын өткөрдү. 

Маалымат жыйынында Бишкек – Ош автомагистралынын IV реаблитациялоо фазасына кирген Маданият – Бек-Абад жолунун курулушу туурасында журналисттердин суроолоруна жоопторду берди.

-   21-мартта  Бишкек – Ош автомагистралынын облус аймагы аркылуу өтүүчү Маданият – Бек-Абад участкасындагы жолдун азыркы абалы менен КР Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов менен биргеликте бир сыйра көрүп, кыдырып чыктык. Учурда экплуатациялоо мөөнөтү эчак бүткөн, учурда бул аралыктагы жолдун бузулуп кеткен жерлерин жамактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жамак жол – бул иш эмес. Ал эч качан сапаттуу болбойт. Жаңы асфальт төшөө керек.  КР Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов жолдун учурдагы кейиштүү бузулган абалын өзү көрүп чыгып, аталган жолдун курулушун тездетип баштоо керектигине  толук ынанды. Министрдин айтуусу боюнча аталган жолдун 67 км аралыгын асфальттоо жумуштары быйыл июль айында башталат. Жолдун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздери толук бүткөрүлгөн. Бул максатта Евразия Өнүктүрүү банкы тарабынан 60 млн. доллар каражат каралган. Кыргыз Өкмөтүнүн салымы 11 млн. доллар болушу күтүлүүдө. Жолдун курулушунун тендерине 5 ири компаниялар катышып жатат. Элдин негизги талабы - Маданият – Бек-Абад жолунун курулушун тезирээк баштоо жана сапаттуу бүткөрүү болуп жаткандыгын министрге жетикиликтүү түшүндүрдүк. Бишкек – Ош автомагистралынын IV фазасына кирген Маданият – Бек-Абад жолунун курулушу башталып кетсе, жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

- Кочкор-Ата шаарына караган базардын тушундагы жолду оңдоо иштери качан башталат? 

- Кочкор-Ата базарынын тушундагы 300 метр жолду асфальттоо жумуштарын КР Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов апрель айында баштоону облустук жол курулуш тармагынын жетекчилерине тапшырма катары койгонун айтты. Мындан сырткары, Кыпчак-Талаа – Майлуу-Суу ички жолунун 3 км. асфальттоо өткөн жылы ишке ашырылгандыгын, ал эми быйылкы жылга карата дагы 2 км. жолду асфальттоо жумуштары титулдук планга ылайык иш-чарага киргизилген. Майлуу-Суу электр лампаларын чыгаруучу заводдун продукцияларын башка өлкөлөргө экспортко чыгарууда аталган жолдун талаптагыдай болуусунун мааниси абдан чоң , - деди өкүл К.Сатыбалдиев. 

Ыйгарым укуктуу өкүл мындан сырткары дагы журналисттердин бир катар суроолоруна  жоопторду берди.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13