KELECHEK
rek

НООРУЗ: ЖАЛАЛ-АБАДДА БЕЙПИЛДИКТИН, ЫНТЫМАКТТЫН ЖАНА ЖАҢЫРГАН ЖАЗДЫН ӨКҮМҮ СҮРДҮ (ФОТО)

НООРУЗ: ЖАЛАЛ-АБАДДА БЕЙПИЛДИКТИН, ЫНТЫМАКТТЫН  ЖАНА ЖАҢЫРГАН ЖАЗДЫН ӨКҮМҮ СҮРДҮ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында эл арасындагы бейпил жашоонун, улуттар аралык ынтымактыктын, достуктун, күн менен түн теңелгендеги жаңырган жаздын салтанаты курду.

Жыл сайын белгиленүүчү “Нооруз” майрамы шаардын борбордук Эркиндик аянтында уюштурулуп, ал жерге шаар тургундары, шаарга келген коноктор келишти. КР өкмөтүнүн облустагы ыйгарым уктуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, КР Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов майрамга келген элди жаз майрамы менен куттукташып, аларга жакшылыктарды каалашты.

Атайын жасалгаланган Эркиндик аянтында шаардык маданият сарайынын, маданият бөлүмүнүн жана Т.Тыныбеков атындагы облустук филармониянын, шаардык балдардын музыкалык мектеби менен “Ариет” балдар чыгармачылык үйүнүн күчү менен даярдалган чоң программадагы концерт тартууланды. 

Эркиндик аянтында балдардын комузчулар ансамбли “Маш ботой" күүсүн чертишип, шаардыктардын жарпын жазса, КР эл артисттери Шахра Талипова, Арзыбек Бедияров, маданият тармагынын мыктысы

Базарбай Мадоморов, Кымбат Бердалиева, эстрадалык аткаруучу Эмил Балтагулов, облустук филармониянын “Мөлмөл” тобу, белгилүү төкмө акын Рахматулла Козукеев жана башкалар тамшандырган ыр-күүлөрү менен майрамды көркүнө чыгарышты. Бийчилер топторунун не бир көркөм бийлери жаз майрамын шаңга бөлөштү.

Улуттук кийимдерди кийишкен кымча бел кыздар майрамдап келген элге боорсок менен сүмөлөктөн ооз тийгизишти.   

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29