KELECHEK
rek

Ноорузда "Ала-Тоо" аянтында "жоогазын" гүлдөйт

Ноорузда

Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы борбордук “Ала-Тоо” аянты жасалгаланды. Ал жерде күйүп-жанып турган композиция түрүндөгү жаратылыштын таңын даңазалаган аянтча кооздолду.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлагандай, кичинекей оргумалардын жанында Кызыл китепке кирген жаныбарлардын – ак илбирс, аркар-бугу жана бүркүттүн фигуралары орнотулат. Аянтты күйүп-өчүп турган түстүү бактар курчайт жана фонарларга жоогазын түрүндөгү плафондор тагылат. “Жашылдандыруу” ишканасы темирбетон вазондорго арчаларды отургузду.

Бишкекте 21-мартта майрамдык программа саат 10до башталат. Курманжан Датка эстелигинин алдында Кыргызстанда жашаган элдер улуттук тамактарын, колдон жасалган буюмдарын көргөзмөгө коюшат.

“Ала-Тоо” аянтында театрлаштырылган оюн-зоок концерти өтөт. Эски аянтта дагы майрамдык программалар жана спорттук иш чаралар болот.

Нооруз – түрк элдеринин жаз майрамы. Ал ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилген. Бул идеанын демилгечилери – Азербайжан, Ооганстан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13