KELECHEK
rek

Эселек кызды турмушка берүү – бул кылмыш! (ФОТО)

Эселек кызды турмушка берүү – бул кылмыш! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын февраль жана март айларында өлкөбүздө “Кыргызстанда эрте никеге турууга орун жок! 18 жашка чейинки нике кыюу – бул кылмыш!” - деп аталган маалыматтык кампаниясы жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн тегерек столдо белгилүү болду.

Бул иш-чарага шаардык, райондук жергиликтүү бийликтердин жооптуу кызматкерлери, медицина тармагынын, ички иштер органдарынын, дин чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, аялдар иштери боюнча эксперттер, жарандык активисттер катышышты. Тегерек столдо “2015-2017 жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын аткаруу. Жашы жете электер менен никеге туруу: кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жана калкты маалымдоо” боюнча маалыматтар берилип, кеңири ачык-айкын пикир алышуу болду.

“Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гульсана Абытованын берген маалыматына караганда, 2016-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ата-энелердин, дин кызматкерлеринин жана жашы жете электер менен никеге турууга карата диний ырым-жырымдарды жасаган башка адамдардын 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу түрүндө жоопкерчилиги каралган мыйзам кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренеси:

Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын:

  1. Ата энелери (же камкорчусу)
  2. Никеге диний каада жасаган адам (молдо же чиркөө кызматкери, же башка конфессиянын диний кызматкери)
  3. Жашы жете элек адамга үйлөнүп жаткан жараан (аялы, же күйөөсү)

Мына ушул адамдар жашы жете элек жаранды никеге турууга карата диний каада жасагандыгы үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

 

- Аталган мыйзамды Кыргызстандын аймагында түшүндүрүү, жайылтуу иштерин жүргүзүү максатында - маалыматтык өнөктүк жүргүзүлүүдө. Анткени, бүгүнкү күндө жашы жете электер менен никеге туруулар көп кездешүүчү көрүнүш болуп калды. Турмушка эрте чыккан кыздар мектепке барганды токтотушат жана көп учурда окуусун эч качан улантышпайт. Алар билим албай, кесипке ээ болбой, адатта эң аз акы төлөнүүчү жумуштарда иштешет.  Натыйжада жакыр жана маанисиз турмушта жашап өтүүгө мажбур болушат. Зомбулук, экономикалык көз карандылык, кордоо, басынтуу, мажбурланган жыныстык мамилелер, ден соолугунун начарлашы, укугунун жоктугу – булардын баары жашы жете элек никеге турган кыз туш болуучу көйгөйлөрдүн толук эмес тизмеси. Көп учурда мындай никелер ажырашуу менен аяктап, жаш кыз колунда кичинекей баласы менен үй-жайсыз, каражатсыз  калышат, - дейт Г.Абытова.

Ошондой эле, бул көйгөйлөрдү алдын алуу максатында  2017-жылдын 2-4-март күндөрү Сузак районунун № 94 Б. Калымбетов,  №90 Манас жана № 65 А. Юнусов атындагы орто мектептердин ата-энелери жана 8-11-класстын окуучулары менен “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун өкүлдөрү Гулсана Абытова жана Жылдыз Артыкова “18-жашка чейинки нике - кылмыш” деген темада чогулуштарды өткөрүштү. Жолугушууда фонддун өкүлдөрү тарабынан жашы жете элек куракта никеге туруунун кыздардын жана балдардын өнүгүүсүнө, билимине, ден соолугуна жана жашоосуна тийгизген терс кесепеттери тууралуу окуучуларга жана ата-энелерге маалыматтык-түшүндүрүү иштери, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

“Тилекке каршы жашы жете электер менен никеге турган учурлар көбөйүп бара жатат. Бул чындыгында миграция маселеси менен да түздөн-түз байланышта деп ойлоймун”- дейт өз сөзүндө № 94 Б. Калымбетов атындагы мектептин директору Нышанова Айнагул. “Чет өлкөдө жүргөн ата-эне Кыргызстанда кароосуз калган кыздарын тез тындыруу максатында эрте эле күйөөгө берүүгө ашыгып жатышат”, - деди мектеп директору.

“Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гульсана Абытова бул темада бир нече изилдөөлөрдү жүргүзүп, фактыларды көп аныктаган.

“Тилеке каршы кыздардын ата-энелери өздөрү кыздарын эрте турмушка берүүгө кызыктар. Көбүнчө өзбек улутундагы үй-бүлөлөр кыз баланы  эрте турмушка беришет. Канчалык эрте берсе ал кызын жакшы тарбиялап, кардарлар көп чыгып, баалуу болгондой,  мактанаарлык жагдай катары кабыл алышат экен. Бирок ошол эле учурда эрте турмушка чыгып ажырашкандар көп экенин да изилдөөлөр көрсөттү. Кыздарын эрте берип анан ажыраштыргандан көрө кыздары окуп бир кесипке ээ болуп, организми да өсүп өрчүгөндөн кийин берүү көп көйгөйлөрдүн алдын алаарын эскертет элем. Ал үчүн өспүрүмдөр өздөрү да окуусун тогузунчу класстан кийин улантууга ынтызар болуп, ата-энелерине талап коюусу зарыл”,- дейт Г. Абытова.

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттык сактоо борборунун акушер-гинекологу Гүлзат Нурумбетованын сөзүнө караганда, мектептерде жыныстык тарбия берүүнү айтпаш керек деп каршы чыкканыбыз менен, ошол эле учурда өзүбүздүн пикирге карама-каршы болуп жатабыз. Себеби, эч кандай жыныстык тарбиясы жок жаш өспүрүм кыздар эрте турмушка чыгып, эрте жыныстык катнашка баргандыктан улам, ар кандай жыныстык ооруларга дуушар болуп калышууда.

- Окуучулар арасында турмуш куруу жөнүндө маалыматтарды бербесек, эч кандай билими жок жаш өспүрүм кыздар тажрыйба албай туруп жыныстык катнашка барып, үй-бүлө куруп жатышат Медициналык жактан алып караганда, эрте турмушка чыгууда негизинен үч кабылдоого дуушар болушат.  Биринчиден, жаш өспүрүм курактагы эненин жаш организми толук жетиле элек болот. Балага кам көрүүдөн мурун өзүнө кам көрүүсү көп кабылдоолорду алып келиши мүмкүн. Экинчиден, ошол өспүрүм кыздын жыныстык органдарынын толук жетилбегендиги, үчүнчү себеби психикалык жактан да кош бойлуулукка, төрөткө даяр эместиги болуп саналат. Бизге келген аялдарды сурасак, 19 жашка чейин 3 баланы төрөп койгон болот. Эми ойлоп көрсөңөр, канча жаштан турмушка чыкканын? Өзү физиологиялык жактан 21 жаш куракка  толгондо аял кишинин организми толук жетилет деп айтылат. Ал деген кыз бала толук кандуу курсагындагы баланы бүт керек болгон азык заттар менен камсыз кылып, эч кандай коркунучу жок төрөй алат дегенди билдирет, - дейт Г.Нурумбетова

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алима Аманованын берген маалыматына караганда, өткөн жылы жаңы окуу жылынын башталышында мектердеги жогорку класстарынын окуучуларына иликтөө жүргүзүшкөн.

- Иликтөөлөр көрсөткөндөй, 9-класстан кийин көпчүлүк кыздар жана балдар деле мектептке барышпайт экен. Бул жаш өспүрүм курактагы кыздардын эрте турмушка чыгуусуна шарт түзгөн учур болуп жатат. Буга сөзсүз түрдө көңүл буруу керек. Илгеркидей кылып, сөзсүз түрдө жалпыга билим берүүнү киргизүү керек. Кыздарын эрте турмушка берип коюшуп, ата-энелер кызы андан ары жашайбы, жашабайбы деп, ата-энелер буга көңүл бурбай жатышат. Ошол себептен, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Кызын эрте турмушка берүү үчүн кыздарын мектепке окутпай койгон ата-энелер көп болуп жатат. Көпчүлүк ата-энелер өздөрү миграцияда жүргөндүктөн, кыздарын эртерээк турмушка берип, ар кандай проблемалардан арылууну көздөп, алар өспүрүм курактагы кыздарынын укуктарын бузуп жатканын ойлоп да коюшкан жок, - дейт А.Аманова.

Жалал-Абад ОИИБнын ага тескөөчүсү, милициянын капитаны Мактымкан Боронованын берген маалыматына караганда, 2016-жылдын 12 ай ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында 29 кыз ала качуу фактысы катталган. Анын 6 фактысына кылмыш иши козголуп, сотко кеткен. Бирок анын арасында жаш өспүрүмдөр жок.

“Ал эми 2017-жылдын  январь айынан бүгүнкү кунгө чейин 5 кыз ала качуу фактысы катталып, анын ичинен Базар-Коргон районунда 1 жашы жете элек кызды алып качкан фактысы каттлаган. Кызды алып качкандан кийин, атасы ошол замат милицияга кайрылган. Бала кызды үйүнө жетпестен жолдон кайра үйүнө алып келген, бул боюнча бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - дейт М.Боронова.

Өткөн жылы ноябрь айында “Үй-бүлө кодексине” жана Кыргыз Республикасынын “Кылмыш-жаза кодексине” 18 жашка жашы толо элек жарандар менен никеге турууга тыюу салган өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) муфтият өзүнүн №410-буйругун чыгарган.

“Буйруктар район-шаарлардын баш имам хатибдерине берилип, облустун казысы А.Закиров өз тапшырмасы менен милдеттендирген. Жуба хутбаларда, жыйындарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Райондук хатибдер, иамамдар менен казыятта Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарларында жана Базар-Коргон, Сузак райондорунда жыйындада түшүндүрүү иштери болгон. Ага казылар, жергиликтүү бийлик кызматкерлери, РИИБнөн өкүлдөр катышкан. Нике кыйган молдолор атайы нике каттоо журналына каттайт. Үйлөнүп жаткан эки жаштын паспортунун, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн алышат”, - деди Жалал-Абад облустук казыятынын фатва бөлүмүнүн башчысы Арапидин Жороев.

Ошондой эле, тегерек столдо бул маселе боюнча статистикалык маалыматтар айтылып, анын катышуучулары мындай терс көрүнүштөрдү турмуштан четтетүү жагынан кандай алгылыктуу иш-чараларды жүргүзсө боло турганын ортого салышты. Айрыкча, Сузак районундагы Ырыс айыл аймагында жүрүп жаткан активдүү, натыйжалуу иштер тууралуу айтылып, коомдун бардык чөйрөсүндө бул терс көрүнүшкө каршы туруу зарылдыгы белгиленди.

-Тегерек столдун журүшүндө катышуучулар райондук жана облустук деңгээлде тайпаларга бөлүнүп, өз аймактарында бул мыйзам тууралуу маалыматты жайылтуу иш-чараларынын пландарын түзүштү. Бири-биринин тажрыйбаларын үйрөнүшүп, терс көрүнүштөргө каршы туруунун практикалык чаралары ишке ашырыла турган болду. Эң негизгиси, коомчулуктун өкүлдөрү эрте никеге турууга жапырт каршы турмай болушту, - дейт Ж. Артыкова. 

Жалал-Абад ОИИБнын ага тескөөчүсү, милициянын капитаны Мактымкан Боронованын айтымында, балдардын укуктары бузулуп жатканынан күбө болсоңуздар же жаш кыздар жана өспүрүм балдар өздөрү жардамга муктаж абалга туш келген болсо  төмөнкү телефондор боюнча милицияга “102”,  “111” жана ӨКМдин “112” номерине акысыз чалып, кайрылууга болот.

Эскерте кетсек, мындай маалымат жайылтуу кампаниясы БУУнун Өнүктүрүү долбоору жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24