KELECHEK
rek

Мамлекеттик кызматкерлер ишембиликке чыгышты (ФОТО)

Мамлекеттик кызматкерлер ишембиликке чыгышты (ФОТО)

Кечээ, 18-мартта КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери бак-дарактарды акиташ менен сырдоо, башкы имараттын айлана-тегерегин таштандыларды жана бак-дарактардын былтыркы жылдан калган жалбырактардан тазалашты.

Облус аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин талаптагыдай өткөрүү  максатында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин  3 айлыкты өткөрүү боюнча атайын буйругу чыккан. Ага ылайык облустун район-шаарларында жана айыл аймактарында көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун 3 айлыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгылган. Атайын белгиленген жайларга жана көчөлөрдүн бойлоруна баалуу бак-дактарды олтургузуу иштери дагы мерчемделген.

- Бүгүн облустук мамлекеттик администрациянын жалпы кызматкерлери атайын ишембилик өткөрүп жатабыз. Мамлекеттик кызматкерлер өздөрү иштеп жатышкан имараттын айлана-тегерегин талаптагыдай тазалап иретке келтирүү максаттарын коюшкан. Бул багыттагы иш-аракеттер облустун аймагындагы бардык район-шаарларда, айыл аймактары менен ар бир мекеме-уюмдарда жана ЖОЖдор менен мектептерде дагы жүргүзүлүп жатат. Тазалык бар жерде тартип бар экендигин жадыбыздан чыгарбоого тийишпиз,- дейт ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13