KELECHEK
rek

Жалал-Абадда кургак учук менен ооругандарды мажбурлап дарылоо сунуштары айтылды

Жалал-Абадда кургак учук менен ооругандарды мажбурлап дарылоо сунуштары айтылды

Кургак учук менен ооруп калып, бирок дарылануудан баш тарткандарды мажбурлап дарылоого кириптер кылынышы керек. Бул тууалуу Жалал-Абад шаарынын аймактарындагы саламаттыкты сактоо системасын башкаруу боюнча координациялык комиссиясынын жыйынында айтылды.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева төрагалык кылган бул комиссиянын жыйынына медицина мекемелеринин жетекчилери, тийиштүү муниципалдык кызматтардын башчылары, коомчулуктун өкүлдөрү келишип, шаардагы кургак учук менен ооруп калуулардын абалы талкууга алынды.

Тийиштүү адистерди айтымында, бул биосоциалдык ооруга чалдыгып калуулардын шаардагы абалы жалпы өлкөдөгү абалга салыштырмалуу кыйла дурус, анткени ооруга жаңы чылдыккандар саны мурдагы жылга салыштырмалуу өткөн жылы 6,8 пайызга өскөн.

Ошол эле мезгилде, башка аймактарда өсүү 15тен 114 пайызга чейин жеткен. Азыркы кезде 52 киши дарыланып жатса, алардын экөөсү балдар. Шаар боюнча жалпы ушундай 248 оорулуу бар болсо, алар ДОТС программасы менен дарыланып жатышат. 2015-жылы жылы алгачкы эки айда флюрографиядан өткөрүү планы 87 пайыз аткарылса, 2016-жылы ал 94 пайызга жогорулаган. Алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Жыйында кургак учук оорусу боюнча алганда башкы көйгөйдү тышкы мигранттар жаратып жатканы айтылды. Алардын арасынан ооруга чалдыкканы аныкталган соң, дарылануудан баш тартып, кайра эле чет жактарга кетип калышкан фактылар көбөйүп жатканы белгиленди. Кептин баары, алардын арасында кургак учукка туруктуу формасы менен ооруп, коомчулукка коркунуч келтиргендер аз эмес. Ошондуктан, медицина кызматкерлери мындай оорулууларды мажбурлап дарылоо  механизми атайын мыйзам актылары аркылуу каралышы зарылдыгын тастыкташты. Андан тышкары, балдар арасында бул ооруга чалдыгуу аз болгону менен алардын арасында оорунун туруктуу формасы менен ооругандары бардыгы жыйындын катышуучуларын ойго салды.

Жыйында кургак учуктун алдын алуу, дарылонун натыйжалуулугун күчөтүү, ооруканаларды материалдык-техникалык жактан жакшыртуу, медицина кызматкерлерине жакшы шарттарды жаратуу боюнча чечимдер кабыл алынды. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38