Жалал-Абадда насыя алган аялдар укуктарын коргой албай, үй-бүлөсүн багуудан кыйналып жатышат
Жалал-Абад шаарынын насыя алуучулары эртең 26-май күнү Бишкек шаарында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында боло турган акцияга катышуудан баш тартышты. Бул тууралуу насыячылар Жалал-Абад шаарында өткөн маалымат жыйында билдиришти.
Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургуну, пенсионер Зульфия Матмусаеванын айтымына караганда, көпчүлүк карапайым калк кара жанын багыш үчүн банктардан, ломбарддардан көп үстөк менен кредиттерди алышып, аны төлөй албай карызга батышып, айрымдары инсульт болуп калышты.Үй-бүлөнү багуу милдети аялдардын мойнуна жүктөлүп, азыркы оор турмушту аялдар өздөрү сүйрөп кетип жатышат. Бул аялдардын укугун бузуу менен эле чектелбестен, үй-бүлөдө аялдарды жумушчу күч катары карашып, бардык милдетти эне алып жаткандай сезилип жатат.
- Көпчүлүк аялдар балдарын багууга дарамети жетпей калгандыктан улам, ломбарддан акча алышып, аны төлөй албай, карызга белчесинен батып калышууда.Эмне үчүн биздин банктар жана микрокредиттик уюмдар Эл аралык финансылык институттардан, микрокредиттик компанияларды колдоочу Эл аралык уюмдардан, Эл аралык Кайрымдуулук фонддорунан арзан жана узак мөөнөттүү 1-2 пайыздык кредиттерди жана бекер гранттарды алышып, ошол эле акчаны өзүбүздүн элге 44 пайыз менен кыска мөөнөткө берип, карыз сазына батырганы аз келгенсип, алардын адам укуктарын тебелеп жатышат? Биз карапайым калк эл аралык уюмдар тарабынан узак мөөнөттүү жана аз пайыз менен кредиттерди беришин каалайт элек. Качанга чейин карапайым айылдык аялдар өз үй-бүлөсүн багуу үчүн ушинтип кредиттерди алып, анан аны төлөй албай, каржалып жашообузду өткөрөбүз? Биздин мамлекет элди иш менен камсыз кылуу жагын качан ойлонот?.. Үй-бүлөдө эркек иштебесе, бардык түйшүк аялдарга жүктөлүп калып, азап тарткан ушул аял байкуштар болуп жатат, - деди З.Матмусаева.
Ошондой эле, З.Матмусаева “Бегайым” микрокредиитик компаниясынан үйүн күрөөгө коюп 100 миң сом алып, 2 жылдык келишимдин негизинде 148 миң сом төлөп берген. Бирок, акчаны толук төлөп бергени менен үйүн кайтарып алуусу кыйын болуп жатат. Себеби, “Бегайым” микрокредиттик компаниясы “Аманбанктан” миллиондогон сомго кредитерди алып, күрөөгө өзүндөгү үйлөрдүн доументтерин койгон. Анан банк үй ээлеринин макулдугу жок эле үйлөрдү сатыкка коюп койгон. Ошону менен кредиттерин толук төлөп бүтүшсө да, насыя алган жарандар өз үйлөрүн кайтарып алыша албай, соттон чындык таппай келе жатышыптыр. Соттон акыйкаттык издегендердин баары аялдар экен.
Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жашасын айылынын тургуну, үй кожейкеси Ольга Бүркокбаеванын сөзүнө караганда, насыя алган көпчүлүк жарандардын айрымдарырынын нан алганга акчалары жок, оор абалда күн кечирип жатышат. Анын жолдошу “Бегайым” микрокредиитик компаниясынан 100 миң сом алуу боюнча арыз жазып, кол коюп берген. Акчасы 2 күндөн кийин болот дейт. Бирок, аталган микрокредиттик компания акчасын бербей кача баштайт. Сотко да кайрылышат. Бирок, Жалал-Абад шаардык соту 5 жылдан бери булардын арызын чечпей келе жатат. Кредит берем деген компания үйүнүн докменттерин дале кайтарып бере элек. Бул боюнча прокуратуранын чыгарган аныктамалары да бар экен.
"Ушул 100 миң сом кредитти албай туруп, үйүбүздөн айрыпып калганыбызга кайгырып жүрүп жолдошум инсуьт болуп, ишке жарабай калды. Төрт баламды, майып жолдошумду өзүм эч жерде иштебей туруп багууга, чындык деп чыркырап ар эшикти кагууга туура келип жатат. Биздин үндү ким угат? Соттор качан биздин маселени карашат? Кээде балдарыма нан алууга акча таппай кыйналган күндөрүм да болуп жатат. Жолдошум болсо тигинтип майып болуп калды. Бир чоң үй-бүлөнү өзүм багууга туура келип жатат. иштегенге иш жок. Жашоо ушунчалык оор болгону аз келгенсип, соттор маселебизди чечпей, укуктарыбыз тебеленип, минтип ар эшикти каккылап чындык издеп жүрөбүз", - дейт О.Бүркокбаева.
Маалымат жыйынга катышкан аялдар баары чындыкка жетпей, укуктары тебеленип, үй-бүлөсүн багууга каражат табуу кыйындап жаткандыгын баса белгилеп кетишти. Ушундай оор кырдаалдан кантип чыгуунун жолун карапайым аялдарга көрсөтүп, аларга укуктук жардам берген, социалдык жактан колдоого алган коомдук уюмдар бул маселеге көңүл буруп коюшса жакшы болчудай.
Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg".
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13