KELECHEK
rek

Жалал-Абадда өткөрүлгөн түңкү рейдде мектеп окуучулары кармалган эмес

Жалал-Абадда өткөрүлгөн түңкү рейдде мектеп окуучулары кармалган эмес

Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы менен бирге уюштурган түңкү рейдде 53 адам кармалган, бирок алардын арасында мектеп жашындагы өспүрүмдөр болгон эмес. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Камчыбек Шаволотов билдирди.

Анын айтымына караганда, шаарда 2 күндүк  “Селсаяк” аталышындагы рейд жүрүп, рейд учурунда 18 лөлү кармалып, алардын Ош шаарынан келишкени аныкталды жана Ош шаарына жөнөтүлдү. Калгандары орто окуу жайлардын студенттери деп табылып, алардын 8и гана шаар тургуну болуп чыкты.

- Жалал-Абад шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун  алдын алуу боюнча  иш-чаралар тынымсыз өтүп жатат. Ошону менен бирге жашоо шарты оор болгон, кайырчылык менен алектенип, мектепте билим алууга тартылбай калган жаш өспүрүмдөрдүн укук бузууу, кылмыштуулукка баруусунун алдын алууга да көңүл буруп жатабыз. Ушуга байланыштуу өткөрүлгөн кезектеги рейдде мектеп жашындагы өспүрүмдөр кармалган жок. Демек, шаарда өспүрүмдөргө болгон ар тараптуу көзөмөл өзүнүн натыйжасын берип жатат. Эгер өпүрүмдөр түндөсү көчө кыдырып жүрүшсө, алар кармалат жана тийиштүү документтер түзүлүп, мэриянын алдында түзүлгөн комиссияга тапшырылат. Андан кийин, аларга тийиштүү жардамдар, чаралар көрсөтүлөт, - дейт ал.

Эскерте кетсек, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы ай сайын “Каникул”, “Түңкү өспүрүм”, “Кайырчылык” жана башка аталыштагы рейддер өткөрүп келүүдө. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13