Журналисттер cөз эркиндигине кабатыр
Көз карандысыз журналисттер союзу медиа менен бийликти конструктивдүү диалогго чакыруу максатында жыйынга чогулду. Анда айрым басылмалардын бийлик тарабынан сотко берилиши да сөз болду.
Көз карандысыз журналисттер союзунун төрайымы Тамара Валиева жыйынды ачып жатып, журналисттерди бийликтин кысымына каршы биригүүгө чакырды. Ошондой эле ал журналисттерди маалыматты так жана туура чагылдырууга үндөдү.
Бишкекте өткөн жыйынга журналисттер, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Чакыруулар Президенттик аппаратка, өкмөткө, парламентке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага да берилген.
"Медиа полиси институту" уюмунун юристи Алтынай Исаева коомчулукка жарыяланган кабарлар үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары эмес, ошол маалыматты журналисттерге айткан тараптар жооп берүүгө тийиш экенин айтты. Адис мындай кырдаалда медиа уюмдар жоопкерчиликтен бошотулушу керектигин белгиледи.
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова бийлик сөз эркиндигине келгенде чайкоочулук кылып жатат деп эсептейт.
Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде марттын башында сотко берген.
КСДП партиясы туура эмес маалымат таратты деп, "24.kg" агенттигинин үстүнөн сотко кайрылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04









