KELECHEK
rek

Аксы окуясы Боспиек айылында жана Бишкекте эскерилди

Аксы окуясы Боспиек айылында жана Бишкекте эскерилди

Боспиек айылындагы Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында оппозиция өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөшүнө уруксат берилген жок.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, укук коргоочу Турсунбек Акун президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон кийин сүйлөөгө аракеттенип, бирок күч кызматкерлери аны микрофонго жолотподу. Турсунбек Акун буга нааразылык билдирди.

Аксы окуясын эскерүү үчүн Боспекке Бишкектен "Сөз эркиндигин коргоо комитетинен" өкүлү Равшан Жээнбеков, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, парламент депутаты Каныбек Иманалиев, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев барган.

- Эскерүү иш-чарасына мамлекет башчыдан тартып, бардык бийлик өкүлдөрү, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер жана жаш саясатчылар чакырылган. Анткени, Аксы окуясы Кыргызстан эгемендик алгандан берки убактагы алгачкы саясий маанилүү окуя,- деди БЭК партиясынын төрагасы Руслан Бекназаров.

Эскерүүдө президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун чогулган элге окуп берди:

- Мындан 15 жыл мурда “Аксы” деген ат Кыргызстанды бүт дүйнөгө дүӊгүрөткөн. Эркиндик, адилеттик үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенин аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн. Аксылыктар кыргыздардын байыркы замандан берки “түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөгөн” эр көкүрөк эл экенин эске салган! Эркиндик, адилеттик, намыс деген дөөлөттөр каныбыздан эч качан кетпей турганын эске салган!

Аксы окуясы болбосо Март-2005 жана Апрель-2010 революциялары болмок эмес. Бул үч окуя эгемен Кыргызстандын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң оор, бирок эң маанилүү үч ашуусу болгон, - деп айтылат кайрылууда.

Жээнбеков жана жабырлануучулардан Максат Момункулов сүйлөгөндөн кийин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев келгендерге, бийликке ыраазылык билдирүү менен иш-чараны жабык деп жарыялады.

Бишкектеги эскерүү иш-чарасына барган президент Алмазбек Атамбаев эстеликке гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

2002-жылы 17-мартта Аксыда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге бийлик ок атып, алты киши курман болгон.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12