KELECHEK
rek

Министр Талантбек Батыралиев Жалал-Абаддагы Мед Лайн медициналык борборунун иши менен таанышты (ФОТО)

Министр Талантбек Батыралиев  Жалал-Абаддагы Мед Лайн медициналык борборунун иши менен таанышты (ФОТО)

Кечээ, 15-мартта КР Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад шаарындагы Мед Лайн менчик медициналык борборунун иши менен жеринде таанышты. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Мед Лайн медициналык борборунун жетекчиси Жылдыз Кожалиева жаңыдан гана ачылып иштей баштаган менчик медициналык борборунун учурдагы иш аракеттери туурасында КР Саламактыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кеңири маалымат берди.

Аталган медициналык борбордун курулушу мындан эки жыл илгери башталган. Аны куруу максатында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 230 миң доллар кредит алышкан. Учурда  бул ооруканада 26 дарыгер жана 7 медайымдар иштеп жатышат. Медициналык жабдуулар Швецария, Япония жана Германия мамлекеттеринен сатылып келинген. Оорукана жалпысынан 48 койка орунга эсептелген. Оорукананын башкы артыкчылыгы бул жерде заманбап акыркы үлгүдөгү эндовидеохирургия медициналык жабдуусу орнотулган.

Министр Талантбек Батыралиев оорукананын ичин бир сыйра кыдырып, ал жерде дарыланып жатышкан бейтаптар менен аңгемелешти. Бул жерде иштеп жатышкан дарыгерлер менен медайымдарга бир катар сунуштарын айтып, калктын ден соолугун чыңдоодогу аракеттери кандай натыйжа берип жаткандыгы туурасындагы маселелерге кызыкты. Бул ооруканада бейтаптардын реаблитация мезгилиндеги эс алуу шарттарына дагы атайын көңүл бурулган. Оорукананын айлана тегерегин жашылдандыруу максатында баалуу бак-дарактар олтургузулуп жатат.

Өз кезегинде КР Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өлкөбүздө ооруканаларга алардын менчигинин түрүнө карабастан талаптар бирдей катуу боло тургандыгын бул жерде иштеп жатышкан дарыгерлерге дагы бир ирет эскертти. Калктын ден соолугун коргоодо дарыгерлердин кесиптик даярдыктары жана бейтаптарга сылык жана кичипейил мамиле жасоонун мааниси абдан чоң экендигин белгилеп кетти. Дарыгер бейтаптарды жылуу сөздөрү менен дагы дарылоосу зарыл экендигин белгилеп кетти.

- Биздин оорукана көп тарамактуу оорукана болуп саналат. Кардиохирургиялык оорулардан башка хирургиялык, акушердик-гинекологиялык операциялардын баары пландык негизде жүргүзүлөт. Бөйрөктөгү ташты талкалап түшүрүүчү уретроскоптук лазердик дарылоо ташка түз тийгизип талкалоо жолу менен жүргүзүлөт. Урологиялык жана ашказан ооруларын дарылоо япония өндүрүшүнөн чыгарылган медициналык жабдуулар менен ишке ашырылат. Невропаталогиялык оорулар боюнча дагы иш алып барабыз. Эң башкысы бизде өз кесибин терең аздектеп сүйгөн дарыгерлердин көбү медицина илимдеринин докторлору жана кандидаттары,- дейт Мед Лайн ооруканасынын жетекчиси Жылдыз Кожалиева.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...

ДЕН СООЛУК 2016-06-02  13:44