KELECHEK
rek

Россия Федерациясынын Оштогу Генералдык консулу Жалал-Абадда көчмө “Мобилдик клиниканы” тапшырды (ФОТО)

Россия Федерациясынын Оштогу Генералдык консулу Жалал-Абадда  көчмө “Мобилдик клиниканы” тапшырды (ФОТО)

Кечээ, 15-мартта Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникасына Россия Федерациясынан тартуу кылынган дөңгөлөк үстүндөгү көчмө “Мобилдик клиниканы” салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Салтанаттуу иш-чарага облустук саламатыкты сактоо тармагынын жетекчилери жана облустук биргелешкен клиникасынын ак халатчан дарыгерлер эмгек жамааты катышты.

- Алгач баарыңыздарды Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук карым-катнаштык мамилелердин негизинде өтүп жаткан бүгүнкү салтанаттуу азем менен куттуктаймын. Акыркы жылдары эки мамлекеттин ортосундагы достук карым-катнаш багытындагы байланыш улам тереңдеп бараткандыгын баса белгилеп кетким келет. Бүгүн бизде чоң кубанычтуу окуя болуп жатат. Биз Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан  тартууланган “Мобилдик көчмө клиниканы” кабыл алып жатабыз. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен Россия Федерациясынын Өкмөтү Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникасына 12 млн. 500 миң рублдик  дарылоо-диагностикалык клиникасын бизге тапшырып олтурат. Бул медициналык жабдуулар кайтарымсыз негизде Борбордук Азия өлкөлөрүн ВИЧ/СПИД жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында  техникалык Программасына ылайык  Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан  каржыланып, Программаны аткаруучу катарында “СПИД Инфосвязь” фонду ишке ашырып жатат.

Көчмө мобилдик клиниканын негизги максаты-облустун алыскы райондорундагы  калктын ден соолугунун абалын жеринде кароо жана аларга сапаттуу медициналык жардамдарды өз убагында көрсөтүү, ар кандай ооруларды эрте аныктоо жана  диагноздорун так коюу болуп саналат. Сиздер тараптан тартууланган медициналык көчмө клиника алыскы тоолуу райондордогу калктын ден соолугун жеринде текшерип, дарылоого ыңгайлуу шарттарды жаратып олтурат. “Дени сак улут, дени сак мамлекет” дегендей, калктын ден соолугу биздин мамлекетибиздин башкы байлыгы. Кылымдардан бери Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын элдерин бекем достук жана өз ара түшүнүүчүлүк ар дайым терең байланыштырып келген. Россия Федерациясы бүгүнкү күндө биздин стратегиялык маанилүү өнөктөшүбүз  болуп келүүдө.

Урматтуу коноктор, Сиздер тарабынан тартууланган мобилдик көчмө клиника үчүн жалпы элибиздин  жана өзүмдүн атымдан Сиздерге терең ыраазычылыгымды билдиремин. Эки мамлекеттин ортосундагы достук, карым-катнаш жана кызматташтык мындан ары дагы тереңдей беришине ишенемин,- деди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

 - Кыргыз Респбуликасынын Өкмөтүнүн атынан жана өзүмдүн атымдан Россиялык өнөктөш досторубузга  Жалал-Абад облусуна  көчмө “Мобилдик клиниканы” тартуулашкандыктары үчүн терең ыраазычылыгымды билдиремин. Азыркы күндө ВИЧ/СПИД дарты бир гана өлкөнүн көйгөйү эмес, Бүткүл дүйнөлүк деңгээлдеги глобалдуу маселеге айланып олтурат. ВИЧ/СПИД, гепатит жана кургак учук ооруларынын алдын алууда бүгүнкү тартууланып жаткан көчмө “Мобилдик клиниканын” пайдасы абдан зор. Учурда республика боюнча 11 648 адам ВИЧ/СПИД  дартына кабылып олтурат. Алыскы тоолуу райондорго барып, калктын ден соолугуна жеринде  профилактикалык жардам көрсөтүүнүн кеңири мүмкүнчүлүгү жаралып олтурат. Бүгүнкү күнгө чейин ушундай КАМАЗ автомашинасына орнотулган көчмө “Мобилдүү клиникадан” республикабызга 4 даана  келди. Дагы 8 даана алынып келинет. Быйыл Жалал-Абад шаарында перинеталдык борбор жана экстремалдык хирургиялык алгачкы жардам көрсөтүү бөлүмүнүн курулушу башталат,- деди КР Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.

- Ар кандай оорулардын алдын алууда алгачкы диагностиканын мааниси абдан чоң. Буга чейин мындай дөнгөлөк үстүндөгү көчмө “Мобилдик клиника” Ош облусунда болсо, эми Жалал-Абадка келди. Быйылкы жылы Баткен облусуна дагы алып келүүнүн аракеттери жасалат,- деди РФнын Ош шаарындагы Генералдык консулу Роман Свистун.

Россия Федерациясындагы “СПИД Инфосвязь” Фондунун директорунун орун басары Ирина Костецская Жалал-Абад облусунун ак халатчан дарыгерлерин жугуштуу оорулардын алдын алууда жана ар кандай ооруларга так диагноз коюу менен сапаттуу дарылоодо чоң мүмкүнчулүккө ээ болушкан жалпы дарыгерлерди куттуктап, алардын ишине ийгилик каалады жана көчмө “Мобилдик клиниканын” сертификатын Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникасынын директору Жаныбек Карабаевге тапшырды. Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Россия Федерациясынан келишкен меймандарга Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникасынын дарыгерлери тарабынан тартууланган чакан белекти  тапшырды.

Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына РФнын Өкмөтү тарабынан тартууланган көчмө “Мобилдик клинкада” 5 дарыгер  айдоочусу менен Тогуз-Торо, Чаткал жана Токтогул райондорунун алыскы тоолуу айылдарына барып, калктын ден соолугуна медициналык сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында профилактикалык кызмат көрсөтүүнүн чоң мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38