KELECHEK
rek

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды (Фото баян)

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды                               (Фото баян)

Кечээ, 13-мартта КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырза Жалал-Абад облустук репродукция борборуна Япон Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” грант программасынын алкагындагы медициналык жабдууларды тапшыруу иш-чарасына катышты.

Бул салтанаттуу иш-чарага облустук саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана облустук репродукция борборунун ак халатчан дарыгерлери катышты.

- Акыркы жылдары Кыргызстан менен Япония өлкөлөрүнүн ортосундагы социалдык-экономикалык жана маданий кызматташуулар бир топ жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Бүгүнкү салтанаттуу иш чара дагы анын айкын бир көрүнүшү десем жаңылбаймын. Япония Өкмөтү тарабынан сунушталып жаткан өнүктүрүү долбоорлору үчүн каржылык максаттуу жардам берүү программасы негизинен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ар кандай керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган.

“Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” гранттык программасы негизинен өнүктүрүү долбоорлоруна абдан ийкемдүү келип, кыска убакыттын аралыгында конкреттүү көмөк көрсөтө алгандыктан жогорку баага арзып олтурат. Алсак, 1996-жылдан бери Япония Өкмөтү тарабынан Кыргызстанда 9 млн. 64 миң 900 АКШ долларын түзгөн 133 долбоор жактырылып, алар ийгиликтүү ишке ашырылды. Ошол аткарылган долбоорлордун ичинен Жалал-Абад облусу боюнча 2011- жылы 2 долбоор, 2012-жылы 1 долбоор ийгиликтүү турмушка ашырылган. Ал эми 2015-жылы саламаттыкты сактоо тармагындагы 2 долбоорду – ушул Жалал-Абад шаарындагы облустук репродукция борбору жана Ноокен райондук аймактык ооруканасы утуп алышкан.

Жалал-Абад облустук репродукция борбору 2016-жылы 84 925 АКШ долларына барабар келген медициналык акыркы үлгүдөгү  жабдууларды: “Тoshiba” маркасындагы доплери менен УЗИ аппаратын, кольпоскоп, гистероскоп жана лабораториялык жабдууларды алышты. Япониядан алынып келинген медициналык жаңы жабдуулардын келиши менен облусубуздун калкына, өзгөчө кош бойлуу энелерге, аялдар менен өспүрүмдөргө, жалпы эле жарандарыбызга көрсөтүлүп жаткан медицналык тейлөө кызматтарынын сапаты бир канча эсе жогорулады. Калкыбыздын ден соолугун коргоодо айкын жылыштар боло баштады.

Сөзүмдүн соңунда Япониянын Өкмөтүнө жана анын элине, элчи Ёсихиро Ямамура мырзага өзүмдүн атымдан жана облусубуздун жалпы калкынын атынан терең ыраазычылык билдиремин. Кыргызстан менен Япония өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы достук кызматташуу жана карым-катнаш мындан ары дагы өнүгө берерине терең ишенемин. Сиздерге бекем ден соолук, жооптуу ишиңизде ар дайым ийгиликтер болушун каалап кетемин, - деди өкүл К.Сатыбалдиев.

- Эң алгач  Кыргызстан менен Япония өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын 25 жылдыгы менен баарыңыздарды куттуктап кетмекчимин. Ушул жылдардын аралыгында Япония Өкмөтү Кыргызстандын ар кыл тармактарында 38 долбоорлорго өзүнүн тикелей колдоосун көрсөттү. Мындан ары дагы бул багыттагы тыгыз кызматташуу улана берерине терең ишенемин,- деди Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырза.

- Жалал-Абад облустук репродукция  борбору 1998-жылы эски төрөт үйүнүн базасында өз ишин баштаган эле. Алгачкы жылдары медициналык жабдуулар менен аппараттардан аябай кыйналдык. Мындан үч жыл илгери Япония Өкмөтү тарабынан каржылануучу “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” гранттык долбооруна атайын долбоор жазып кайрылган элек. Натыйжада биздин долбоор колдоого ээ болуп, Япония Өкмөтү тарабынан 84 925 АКШ долларындагы гранттык долбоор каражаты бөлүнүп берилди. Биз ал гранттык каражатка кош бойлуу энелердин ден соолугуна сапаттуу тыкыр көзөмөл жүргүзүүчү жабдуулар менен аппараттарды сатып алууга жетиштик. Тагыраак айтканда, 1 түстүү УЗИ аппаратын, 1 даана кольпоскоп, бир даана диагностика жасоочу гистерескоп, кандын биохимиялык анализ чыгаруучу аппарат, 1 микроскоп жана 1 центрафуга аппаратын алууга жетиштик,- деди Жалал-Абад облустук репродукция борборунун директору Айнура Давлетова.

Жалал-Абад облустук репродукция борборунун дарыгерлери тарабынан даярдалган чакан белекти Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырзага КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жалпы салтанаттын катышуучуларынын атынан ыраазычылык билдирүү менен тапшырды.

Андан соң, ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырза гранттык долбоордун каражатына сатылып алынган медициналык жабдууларды көрүштү жана ал жерде иштеп жатышкан дарыгерлер менен маектешти.

Япония Өкмөтү Ноокен аймактык ооруканасына дагы гранттык негизде 1 наркоздук дем алдыруучу аппарат, 1 даана амплипульс 4 жабдуусун, 1 даана ультраүндүү терапия аппаратын, 1 даана тонус ДТ аппаратын, бейтаптарды реаблитациялоодо колдонулуучу чуркоочу жана велотренажерлорду сатып алууга 70 312 АКШ долларындагы гранттык долбоор каражатын бөлүп берди.

Мындан эки жыл мурун Япония Өкмөтү Бишкек-Ош автомагистралындагы Көк-Арт дарыясына жалпы суммасы 11 млн. доллар гранттын эсебинен чоң көпүрөнү курушуп, пайдаланууга беришкен.

Жолдошбай Осмонов, журналист

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...

ДЕН СООЛУК 2016-06-02  13:44