Жалал-Абадда карыларга камкордук көрүү маселеси талкууланды (Фото)
Карыларды ар тараптуу камкордукка алуу иштерин күчөтүү керек жана аларга камкордук көрүү жагынан коомчулуктун активдүү аракетин уюштуруу зарыл. Жалал-Абад шаарында жалгыз бой карыларды тейлөө сапатын жакшыртуу максатында түштүк аймагы боюнча социалдык коргоо башкармалыгынын башчыларынын катышуусунда өткөн тегерек столдо ушундай маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, тегерек столго КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова жана Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө ар кайсы аймактардан келген социалдык коргоо башкармалыктарынын башчылары карыларга камкордук көрүү ишиндеги айрым артыкчылыктуу жана кемчил көрүнүштөргө токтолушуп, ишти мындан ары жакшыртуу жагынан өз пикирлерин ортого салышты. Ошондой эле, борбордон келген конокторго өздөрүнүн суроолорун узатышып, жооп алышты. Жалгыз бой карыларга бир гана колдоо көрсөтүп калбай, аларга жылуу сөз ыроолоштун да жогорку маанисин белгилешти.
Жалал-Абад шаарынын вице-мэри А. Раматиллаеванын айтымына караганда, шаар аймагында 160ка жакын жалгыз бой карылар бар.
- Жалгыз бой карыларды тейлөө сапатын жакшыртуу демилгеси көтөрүлгөндүгү ар бирибизди кубандырат. Шаарда бул боюнча социалдык коргоо башкармалыгы менен биргеликте көптөгөн иштер аткарылууда, социалдык адилеттүүлүк боюнча атайын акциялар уюштурулуп, анда менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын баары карыларга өз жардамдарын беришүүдө. Андан сырткары, жаштар комитети уюштурган жаштар топтору алардын үйлөрүнө барышып, үй жумуштарына каралашып турушат. Мындан ары да карыларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, аларды сапаттуу тейлөөнү жакшырта беребиз, - дейт ал.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18