KELECHEK
rek

Жаш жоокерлер мекенди коргоого аттанышты(Фото баян)

Жаш жоокерлер мекенди коргоого аттанышты(Фото баян)

10-мартта Жалал-Абаддагы топтоо пунктунда облустун бардык аймактарынан келишкен жаш жоокерлерди бир жылдык аскер кызматтарын өтөөгө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Салтанаттуу иш чарага аскер комиссариаттарынын офицерлери, Ооган жана Баткен согуштарынын ардагерлери жана Мекенди коргоого аттанып жатышкан жаш жоокерлердин ата-энелери катышты.

Жаш жоокерлерди бир жылдык аскер кызматтарын өтөөсүнө арналган салтанаттуу иш-чара Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталды. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы Командачысы Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык 18 жашка толгон жигиттерди жазгы аскердик кызматтарын өтөөгө чакыруу ишке ашырыла баштады. Бүгүн аскер кызматына чакырылып жаткан жаш жоокерлер Кыргыз Республикасынын чек арасын коргоо аскер бөлүктөрүндө кызматтарын өтөшөт.

Аскердик кызматтарын өтөөгө жөнөп жатышкан жаш жоокерлерге КР Коргоо комитетинин  чакыруу башкармалыгынын облустагы өкүлү, майор Болотбек Мураталиев, Баткен согушунун ардагери Рустамбек Амиракулов, Бишкектеги Скрябин атындагы айыл чарба академиясынын бүтүрүүчүсү, аскер кызматын өтөөгө бараткан Үсөн уулу Урмат, ата-энелердин атынан Акылбек Мырзакаримов жана мекенди коргоого жөнөп бараткан жаш жоокер Ашырбек уулу Альберттин апасы, Базар-Коргон районунун тургуну Айнагүл Аманова жаш жоокерлерге Мекенди коргоо жаатында баалуу  кеп-кеңештерин жана акыл насааттарын айтышып, аларга ак жол каалашты.

Жаш жоокерлерди аскер кызматына узатуу иш чарасын Аксы райондук аскер комиссариатынын комиссары, полковник Ниязалы Төрөгелдиеа алып барды.

- Мен Бишкектеги К.Скрябин атындагы айыл чарба академиясынын агрономия факультетин ийгиликтүү аяктадым. Аскерге барып кызмат кылууну өзүм чечтим. Бул оюмду ата-энем дагы толук кубатташты. Жигит үчүн Мекенге ак ниет менен кызмат өтөөдөн өткөн ыйык милдет жок,- дейт жаш жоокер Ашырбек уулу Альберт.

Аскер кызматтарын өтөөгө жөнөп жатышкан жаш жоокерлерге ата-энелери жана жакындары менен жакшы маанайда коштошууга атайын убакыт ажыратылып берилди. Жаш жоокерлер бүгүн өздөрү кызмат өтөөчү аскер бөлүктөрүнө сапар тартышты.

Жолдошбай Осмонов, журналист.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13