KELECHEK
rek

Укук коргоочулар өкмөткө келген чет элдик гранттар боюнча отчет талап кылышууда

Укук коргоочулар өкмөткө келген чет элдик гранттар боюнча отчет талап кылышууда

Укук коргоочулар президент Алмазбек Атамбаевдин бейөкмөт уюмдар четтен гранттарды алып, өлкөгө каршы иштейт деп айтканына жооп кайтарды. Анда эң көп чет элдик гранттык каражаттарды мамлекет алганы жана алардын көпчүлүгү дайынсыз коротулуп жатканы белгиленди.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар сырттан алынган гранттык акча эсебинен өлкө ичиндеги саясий туруктуулукка шек келтирип жатат деп айткан.

Кыргызстандагы укук коргоочулар биримдиги президент Алмазбек Атамбаевдин бейөкмөт уюмдардын чет өлкөдөн гранттык каражаттарды алуу менен мамлекетке каршы иштеп жатат деген айыптоосун куру доомат катары айыптап чыкты.

Анда укук коргоочулар эл аралык уюмдардан алган гранттык каражаттардын өлчөмү мамлекет четтен жыл сайын алып жаткан гранттык каражаттардан алда канча аз экени белгиленди. Ошол эле кезде укук коргоочулар биримдиги Кыргызстан соңку жети жылдан бери чет өлкөлөрдөн алган гранттык каражаттардын эсеби тууралуу коомчулукка отчет берүүнү талап кылды.

- Үч жыл мурун ички иштер органдарын реформалоого 27 миллион евро бөлүнгөн. Андан кийин дагы каражат берилди. Акча тынымсыз агып келип жатат. Кана ошол реформа? Анан дагы сот органдарын реформалоого 120 миллион евро бөлүнгөн. Ошол жакта сот реформасы болуп бүттүбү? Албетте жок. Анда мына ошол акча каякка жумшалды? Майлы-Суудагы уран калдыктарын кайра көмүүгө бөлүнгөн 13 миллион евро дагы дайынсыз жоголгон. Гранттык каражаттардын бардыгы Кыргызстанда бир өзгөрүү болсун деп берилген да. Өзгөрүү да жок, акча да жок,-деп белгилейт укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Бул арада тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары кайсы бир бейөкмөт уюмдар мамлекеттүүлүктү бүлүнтүп, өлкө эгемендигине шек келтирген конкреттүү учурлардын бетин ачып, мисал келтире элек. Мына ошондуктан алар президенттин сөзүн "коргонуу үчүн кол салуу" тактикасы катары кабыл алышты.

Кыргызстанга Евробиримдиктен, АКШдан, Жапониядан жана Кытайдан мамлекеттин дарегине келген гранттык каражаттар таза суу чыгарууга, саламаттыкты сактоого жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Мамлекет буга чейин чет өлкөлөрдөн алып келген гранттык каражаттардын так саны ушул кезге чейин белгисиз. Каржы министрлиги дагы буга чейин алынган чет элдик гранттардын кайсы тармактарга чыгымдалганы тууралуу толук маалыматтарды коомчулукка жарыялай элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38