KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЫКТЫЯРЧЫЛАР КАН ТАПШЫРЫШТЫ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЫКТЫЯРЧЫЛАР КАН ТАПШЫРЫШТЫ (ФОТО)

Жалал-Абад облустук кан борборунда Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен ыктыярчылар кан тапшырышты. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасында өз ыктыяры менен кайтарымсыз кан тапшырууну өнүктүрүү” долбоорунун аймактык кызматкери Назгүл Назарова билдирди.

Анын айтымында, башка мекеме-ишканаларга үлгү көрсөтүү, донорлук кылуу боюнча коомдук активдүүлүктү арттыруу максатында Улуттук Кызыл Ай коомунун кызматкерлери менен ыктыярчылары биригип, жалпы 30га жакын киши өз ыктыяры менен кан тапшырышты.

 - Бизден кийин дагы башка мекеме-ишканалардын, жогорку окуу жайлардын кызматкерлери, студенттери өз каалоолору менен келип кан тапшырышат деп ойлойбуз. Анткени, биз тапшырган кан кайсыл бир канга муктаж болуп жаткан жарандардын өмүрүн сактоого, жашап кетишине өбөлгө түзөт. Биз мындай иш-чараларды тынымсыз жүргүзүп турабыз. Буюрса, Жалал-Абад облустук кан борборунун донордук кандын көлөмүн камсыз кылуу боюнча быйылкы жылы да алдыңкы орунга чыгарууга аракет жасайбыз, - дейт ал.

Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасында өз ыктыяры менен кайтарымсыз кан тапшырууну өнүктүрүү” долбоору быйылкы жылы өлкөнүн жети аймагында өз ишин баштап, аны Швейцариянын Кызыл чырым коому каржылап жатат. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38