Текебаевдин тарапкерлеринин жөө жүрүшүн милиция токтотту
Базар-Коргон районунда Бишкек-Ош жолунун боюнда бир нече күндөн бери митинг өткөрүп жаткан 50 чакты адам бүгүн жол боюнан райондук администрацияга чейин жөө жүрүшкө чыгышкан.
Бирок аларды милиция акимчиликтин имаратына жеткирбей, артка кайтарган. РИИБинин маалыматы боюнча, митингчилер милициянын түшүндүрүү иштеринен кийин, кайра жол боюна кайтып келишкен.
Алар "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун камактан чыгарылышын талап кылышууда.
"Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Кубат Артыковдун билдиришинче, райондук акимчиликке карай жүрүш түштөн кийин да уланат. Учурда Бишкек-Ош жолунун боюна эл чогулууда.
Базар-Коргон районундагы Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өтүп жаткан митинг 26-февралда "Ата Мекендин" лидери камалган күндөн тартып өтүүдө.
Кырдаалга жергиликтүү укук коргоо органдары көз салып жатат. Буга чейин район акими Айбек Бегимкулов элди сабырдуулукка чакырган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13