
Ошто 8-март- Аялдардын Эл аралык күнүнө карата аялдар арасында волейбол жана баскетбол боюнча мелдеш өттү (ФОТО)

Кечээ, 7-март күнү Ош шаарындагы Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган, 8-март-Аялдардын Эл аралык күнүнө карата аялдар арасында волейбол жана баскетбол мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, мелдеш эки топко бөлүнүп өттү.
Биринчи топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында,
Экинчи топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери арасында.
Мелдештин жыйынтыгында, волейбол боюнча мекеме ишканалардын арасында 12 команда катышып 1-орунду ОшМУнун мугалимдер командасы багындырса, 2-орунду “Бостон” базарынын айымдары ээледи. Ал эми 3-орун ОшТУнун мугалимдерине берилди.
Студенттер арасында 1-орунду чет элдик ыктыярчылар тобу 2-орунду ОшМУ, 3-орунду Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы багындырды.
Ал эми баскетбол боюнча мекеме-ишканалардан 4 команда катышып, 1 –орунду Ош ТУ, 2-орунду билим берүү башкармалыгы, 3-орунду ОшМУ ээледи. Студенттер арасындагы баскетболдо 1–орун медициналык колледж, 2-орун ОшМСУ, 3-орун ОшМУнун кыздары багындырып, жалпысынан студенттерден 6 команда катышты.
Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, дипломдор, кубоктор тапшырылды.
“Эскерте кетсек, 8-март- Аялдардын Эл аралык күнүнө карата уюштурулган спорттук мелдеш 6-7-март күндөрү Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өткөрүлдү”, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20