Бишкекте Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өттү (ФОТО)
Кечээ, 7-мартта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине төрагалыгынын астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин төрагасы Сооронбай Жээнбеков – «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Бишкекке Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларын-конокторду кабыл алды.

Бишкекке Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегия төрагасы Тигран Саркисян келди.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында тар жана кеңейтилген курамда өттү.

Өкмөт башчылары интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашып, жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Тигран Саркисян

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасашты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









