Ошто айымдарга 1000ге жакын элечек белекке берилди (ФОТО)
Кечээ, 7-мартта С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты.
Шаар мэри бардык аймыдарды майрамдары менен куттуктап, Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи.
- Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен бүт Кыргызстандык асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды бул маанилүү майрамдары менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Аялзат -үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту. Өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат.
Аял- бул баарыдан мурда Эне. Ал эми биз ар бирибиз өмүр бою Энелердин ыйык ак сүтүн актоого милдеттүүбүз. Эненин өзү тургай, баскан изи да ыйык, анткени Мухаммед пайгамбарыбыздын хадистеринде айтылгандай: " Бейиш- энелердин таманынын алдында".
Учурда акылы тунук, кайраты күчтүү аялдарыбыз коомубуздун бардык тармактарында үзүрлүү иштеп келе жатышат. Социалдык-экономикалык чөйрөдөгү негизги жүк да биздин энелерибиздин, аялдарыбыздын, кыздарыбыздын назик ийинине түшүп жатканын, албетте баса белгилеп кетким келет. Экономиканын, бизнестин, маданияттын жана көркөм өнөрдүн бардык чөйрөлөрүндө сиздер жаратып жаткан ийгиликтер алкоого гана арзыйт.
Өлкөбүздүн, анын ичинде ордо калаабыз Ош шаарынын туруктуу өнүгүүсүнө жалпы улуттук башкы милдеттерди, баарыдан мурда салттуу үй-бүлөлүк асыл-нарктарды бекемдөөгө, жаш муунду тарбиялоого, калктын ден соолугуна кам көрүү сыяктуу милдеттерди чечүүгө аялдардын, аялдар уюмдарынын мындан да жигердүү аракеттенүүгө чакырамын!”-деди А.Кадырбаев.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө калаа башчысы, энелерге 1000ге жакын элечектерди, кыз-келиндерге кептакыяларды белекке берип, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече айымдарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын, баалуу белектерин тапшырды.
Ошондой эле, чет өлкөлөрдө мамлекеттин, шаардын намысын коргогон мыкты спортчулардын, студенттердин, окуучулардын жана шаардын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон инсандардын апаларына “Үлгүлүү эне” наамдары ыйгарылды.
“Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге белгилүү эстрада ырчылары жана чыгармачыл инсандар концерттик программа тартуулашты. Жалпысынан майрамдык салтанатка миңге жакын энелер катышты”, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13