
Өзбекстанда мектепте лимон күнөсканаларын курууга окуучулардан акча чогултулууда

Анжиян облусунун Асака районундагы мектептерде окуучулардан лимон күнөсканаларын куруу үчүн 5 миң сумдан (1,5 АКШ долларына жакын) чогултулууда. Бул туурасында балдардын ата-энелери кабарлашууда. Райондун элдик билим берүү бөлүмдөрү болсо түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатышат.
“Менин балам 1-класста окуйт. Мектептеги акча чогултуулар тажатты. Эми президент айткан лимон күнөсканаларын куруу үчүн каражат талап кылып жатышат. Мугалим 5 миң сум берүү тууралуу баламан кат берип жибериптир. Лимон күнөсканалары эмне себептен ата-энелердин эсебинен курулушу керек деп таң калып жатабыз”, - деп нааразы болду Асака районунун тургундарынын бири.
Райондогу башка бир окуучунун ата-энеси акыркы айда мектепке Алиппе майрамын белгилөө үчүн 55 миң сум (16 АКШ долларынан ашык) бергенин, андан тышкары ай сайын фонд үчүн 7 миң сумдан (2 АКШ доллары) төгөрүн белгиледи.
Буга чейин Өзбекстандын Анжиян облустук акимчилиги мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерине окуу жайлардын аймактарына лимон өстүрүүнү тапшырганы кабарланган. Демилге жашылча-жемиш экспортунун көлөмүн көбөйтүү зарылдыгына байланыштуу экени маалымдалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30