Тажикстандык жүздөгөн качкын Польша чек арасынан өтө албай турат
Польшанын адам укуктары боюнча Хельсинки тобу Варшава Тажикстандын ондогон жаранына башкалка берүүдөн баш тартканын билдирди. Маалыматка караганда, учурда жүздөгөн тажикстандык аталган европалык өлкөнүн чек арасынан өтө албай турат.
Польшанын адам укуктары боюнча Хельсинки тобунун юристти Даниэл Витко башкалка сурап жаткандардын көбүнүн визасы жок экенин, ошондуктан алар бир канча айлап чек ара аймагында калууга аргасыз болорун айтты. “Мен үч айдан бери үй-бүлөсү менен бирге украин-польша чек арасында кирүүгө уруксат күтүп турган Тажикстандын жаранын билем. Алардын паспортторунда штамп басууга бош жер калган жок, алар эми кайрадан Украинага да бара алышпайт”, - деди ал.
Витконун айтымында, Польша чек арасы аркылуу Европага кирүүгө аракет кылган тажиктердин так саны белгисиз. Бирок аталган өлкөнүн аймагына кирүүгө уруксат алган тажиктер беларус-польша чек арасында эле 100дөн 200гө чейинки сандагы тажикстандык качкын ары же бери өтө албай турганын билдиришүүдө.
Качкындардын тагдырына эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму да тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун бир канча күн мурун жарыяланган баяндамасында Варшава адатта башкалка сурагандардын укуктарын бузуп жатканын четке кагып, аларды кайрадан Беларуска жөнөтө тургандыгы белгиленген.
Польша ТИМинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө кызматынын өткөн жылы жайында тараткан маалыматына караганда, Польшадан башкалка сурап Тажикстандын 1200гө чукул жараны кайрылса, алардын бирөөсү гана расмий качкын макамын алган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13