KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаары муниципалдык менчиктен канча пайда көрдү?

Жалал-Абад шаары муниципалдык менчиктен канча пайда көрдү?

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Болот Джусупбековдун билдиришинче, максаттуу жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында шаардык казынага 2016-жыл ичинде 12 миллион 280,8 миң сом түшкөн. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, ал эми бекитилген план 11 миллион 770 миң сом болчу. Киреше жагынан план 104,3 пайызга аткарылган же болбосо 510,8 миң сом акча каражаты көп түшкөн. 2016-жыл ичинде 10 жолу конкурс өткөрүлүп, конкурс аркылуу 81 жер участкасы ижарага берилген, анын жалпы жер аянты 37862,05 чарчы метрди түзөт. Жер участокторун ижарага берүүдөн 6 миллион 259,4 миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план 6 миллион сом болсо, план 104,3 пайызга аткарылган же болбосо 259,4 миң сом акча каражаты шаардык казынага көп түшкөн.

Шаар аймагындагы муниципалдык автопарковкаларды иретке келтирүү жана бюджетти көбөйтүү максатында жеке жактардан автокунаа каражаттарын коюу укугу үчүн алынуучу жыйымдардан 2 миллион 484,3 миң сом акча каражаты шаардык казынага түштү, белгиленген план боюнча 2 миллион 470 миң сом болсо, план 100,6 пайызга аткарылган.

Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан комитеттин алдындагы жарнак жана кооздоп жасалгалоо бөлүмү шаар аймагындагы жарнак жана кооздоп жасалгалоо иштерине уруксат документтерин бергендиги үчүн акы төлөө кызматынан 1 миллион 614,1 миң сом шаардык казынага түшкөн. Белгиленген план боюнча 1 миллион 600 миң сом болсо, план 100,9 пайызга аткарылган.

Өткөн жыл ичинде муниципалдык менчиктин карамагындагы жашоого ыңгайлашпаган имараттарды жана курулуштарды ижарага берүү боюнча 1 жолу конкурс өткөрүлүп, 8 жашоого ыңгайлашпаган имараттар жана курулуштар ижарага берилген, анын жалпы аянты 122,9 чарчы метрди түзөт. Мындан 1 миллион 397,6 миң сом шаардык казынага түштү. Белгиленген план 1 миллион 200 миң сом болсо, план 116,5 пайызга аткарылган же болбосо 197,6 миң сом шаардык казынага көп түшкөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38