KELECHEK
rek

Жалал-Абад облустук клиникасына Россия Федерациясынан жаңы мобилдик клиника келди

Жалал-Абад облустук  клиникасына Россия Федерациясынан жаңы мобилдик клиника келди

Жалал-Абад шаарындагы облустук биргелешкен клиникасына Россия Федерациясынан “КАМАЗ” автомашинасына орнотулган дөңгөлөк үстүндөгү жаңы мобилдик автоунаа клиникасы келди. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Бул жаңы мобилдик клниканы Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги “СПИД инфосвязь ЮНЭЙДС” долбоору аркылуу Кыргызстанга гумманитардык жардам катары акысыз тартуулады.

-   Жалал-Абад облустук клиникасына Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары аксыз келтирилген мобилдик автоунаа клиникасынын келишине КР Саламатыкты сактоо министрлиги менен өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин түздөн-түз демилгеси болгондугун баса белгилеп кетмекчимин. “КАМАЗ” автоунаасына орнотулган мобилдик клниканын жалпы наркы 12 млн. 500 миң рублди түзөт. Мобилдик автоунаа клиникасынын негизги функциясы алыскы тоолуу келген айыл-кыштактардын калкына медициналык натыйжалуу жардам көрсөтүү болуп саналат. Жаңыдан келген мобилдүү автоунаа клиникасына УЗИ аппараты, электрокардиограммалык аппарат, лабораториялык анализ жана акушердик-гинекологиялык жабуулар орнотулган. Мында дарыгер-терапевт баш болгон 5 дарыгер адистер иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жаңы автоунаа мобилдик клиникасынын жардамы менен эми биз алыскы Токтогул районунун Толук жана Сары-Камыш айылдарына, Чаткал менен Тогуз-Торо райондорунун тоолуу алыскы айылдарына барып, калктын ден соолугун профилактикалык текшерүүгө жана дарылоого толук мүмкүнчүлүк алдык,- дейт Жалал-Абад облустук клинкасынын директору Жаныбек Карабаев.

Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Мелис Баймуратов жана усулдук уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары Гүлбарчын Рахманова жаңы келген дөңгөлөк үстүндөгү мобилдик клиника облусубуздун калкынын ден соолугуна профилактикалык көзөмөл жүргүзүүдө жана дарылоо иштерин өз убагында жана сапаттуу алып барууда  пайдасы абдан чоң экендигин баса белгилешти.

Облустук биргелешкен клиникасынын ак халатчан дарыгерлерине  март айынын орто ченинде Россия Федерациясынан атайын дарыгер адистер келишип, мобилдик клиниканы натыйжалуу иштетүү боюнча бул жердеги дарыгер-адистерге кеп-кеңештерин берип кетишээри айтылды. Бул салтанаттуу иш-чарага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинен дагы өкүлдөр келип катышаары күтүлүүдө.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...

ДЕН СООЛУК 2016-06-02  13:44