"Ата Мекен" Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү
"Ата Мекен" партиясы 5-мартта Бишкекте өткөн чукул курултайында Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган партиянын жана парламенттеги фракциянын убактылуу лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан өкүлдөр келишкен. Анда "коррупция" жана "алдамчылык" беренеси менен айыпталып, эки айга камалган депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду токтоосуз бошотуу талабы коюлган. Ошондой эле катышуучулар бир добуштан алдыдагы президенттик шайлоого Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүүнү колдоп берген:
- Курултайга келген аймактагы делегаттар бүгүн тарап, ал жактарда штабдарды жандандырат. Алдыдагы саясий жараяндар, демократия, эркиндик, саясий плюрализм үчүн күрөштү күчөтүү аракеттери башталат. Биз Конституцияда каралган укуктарыбыздан пайдаланып, республика боюнча тынчтык митингдерин өткөрүп баштайбыз.
Өмүрбек Текебаев 27-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген.
Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. 2010-жылдан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов да коюлган айыпты четке кагууда.
Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин үч саясатчы билдирген. Алар – Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабанов. Президенттик шайлоо 19-ноябрда болору болжолдонууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









