
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде жаңы борбор ачылды (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде 4-мартта жаңы “CreaLad” – “Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борбору” ачылды. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Экономика жана ишкердик университетинин алдындагы жаңы борбордун ачылышына арналган салтанатка КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Экономика жана ишкердик университетинин президенти, экономика илимдеринин доктору, профессор Кантөрө Токтоматов, Экономика жана ишкердик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбайет Мамасыдыков жана бир катар ишкерлер менен окуу жайынын окутуучулары катышты.
Экономика жана ишкердик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбайет Мамасыдыков жана ЭИУнун окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Төлөгөн Омошев келген меймандарга жаңыдан ачылган “Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борборунун” ачылыш зарылдыгы жана анын студенттер менен бүтүрүүчүлөргө жана бир катар ишкерлерге алып келген пайдасы туурасында кеңири маалыматтарды беришти.
- Бул борбордо онлайн шартында илимий иштер боюнча кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактоого толук мүмкүнчүлүк менен шарттар жаратылды. Жакында биздин университеттин окутуучусу ушул борбордон өзүнүн илимий ишинин кандидаттыгын жактайт. Бул борбордун эң башкы артыкчылыгы университеттен студенттерге берилген илимий теориялык билимдерди өндүрүштүк негизде турмушка ашырууга кеңири жол ачылгандыгында. Жалал-Абад шаарындагы бир катар ишкерлер учурда биздин студенттер менен тыгыз байланышта өндүрүшкө инновациялык жаңылыктарды киргизүүгө жана конкреттүү бир тармак боюнча инвесторлорду тартуунун үстүндө тыгыз кызматташтыкта иш алып барып жатышат,- деди Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбайет Мамасыдыков.
"Ишкердүүлүктү илимий негизде өнүктүрүү менен эле чектелбестен аны турмушка ашырууга, тагыраак айтканда өндүрүштүк негизде жолго салууда бул борбордун мааниси абдан чон. Биздин студенттер университетти бүтүрүү менен бирге кайсыл бир тармакта ишкердүүлүктү баштоого алгачкы кадамдарын ушул борбордон баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аталган борбордун тийиштүү жабдууларын алууга 218,7 миң сом каражат сарпталды. Мындан сырткары “Erasmus-плюс” билим берүү тутумун өнүктүрүү боюнча Европалык фонду аркылуу 34 миң евро инвестиция каражаты тартылды жана дагы 40 миң евро инвестициянын тартылуусу күтүлүүдө",- дейт “Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борборунун” башчысы, экономика илимдеринин кандидаты Акталина Бегимкулова.
Учурда бул борбордун жардамы менен ачылган пескоблокторду жана матрацтарды чыгаруучу чакан цехтер иштеп жатат. Азыркы мезгилде Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде 5 миңден ашуун студенттер ондогон адистиктер боюнча билим алып жатышат. Аталган окуу жайында Россиядан, Ооганстандан жана Туркиядан келип билим алып жатышкан чет элдик студенттер арбын.
Жолдошбай Осмонов, журналист
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30