Жалал-Абад шаарында аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү (ФОТО)
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин жабык спорт залында 8-Март-Аялдардын Эл аралык тилектештигинин майрамына карата аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында 8- март–Аялдардын Эл аралык тилектештигинин майрамына арналган мелдешке жаш курактары 35тен жогору болгон аялдар командалары катышты.
Тагыраак айтканда, волейбол боюнча аялдар арасында өткөрүлгөн мелдешке ЖАМУнун, Экономика жана ишкердик университетинин, Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайынын, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринен куралган 8 команда күч сынашты.
Эң алгач спорттун волейбол түрү боюнча бүгүнкү мелдешке катышып жатышкан асылзаада айымдарды алдыбызда утурлап келе жаткан 8-март-Аялдардын Эл аралык тилектештигинин күнү майрамы менен чын дилимден куттуктаймын. Спорт – бул ден соолук. “Дени сак улут – дени сак күчтүү мамлекет” деген ураанды эч качан жадыбыздан чыгарбайлы.
Мелдеште жакшы оюндарын көрсөтүшкөн чыныгы күчтүү мыкты командалар ийгиликке жетишсин. Волейбол боюнча мелдешке катышып жатышкан бардык командаларга ийгилик каалаймын. Жакшы татыктуу оюндарын көрсөткөн командалар байгелүү орундарды камсыз кылышат деп ишенемин. Спорттук мелдешиңерге ак жол!,- деди өзүнүн куттуктоосунда өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
Волейбол боюнча аялдар арасында өткөрүлгөн мелдештин катышуучуларын Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин президенти, экономика илимдеринин доктору, профессор Кантөрө Токтоматов да куттуктады.
Мелдеш аябагандай курч таймашуулар менен өтүп, күйөрмандар өз командаларын колдоп, кубаттап турушту. Волейбол боюнча өткөрүлгөн мелдештин жыйынтыгы менен байгелүү орундарды камсыз кылышкан командаларга Дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Аталган мелдештин байге фондусун ажыратып берүүгө, аны өткөрүүгө жана уюштуруучулук иш чараларына өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана Абдыжапар Капаров жетектеген облустук спорт жана дене тарбия методикалык борборунун адистери жакындан көмөктөшүп, өздөрүнүн колдоолорун көрсөтүштү.
Жолдошбай Осмонов, журналист
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20
Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...
Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-09 01:23
Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...
Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...
СПОРТ 2016-05-14 09:30









