KELECHEK
rek

Тажик президентинин уулу депутаттыкка аттанды

Тажик президентинин уулу депутаттыкка аттанды

Тажикстан президентинин тун уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рустам Эмомали шаардык мажлистин депутаттыгына талапкер болду. Аны өлкөнүн Элдик-демкоратиялык партиясы көрсөттү.

Рустам Эмомалинин атаандаштары –Агрардык партиядан Фазлиддин Икромов жана демократтардан Хикматулло Саидиён. Аларга саясий жарыш өтө оор болору маалым. “Рустам Эмомали күчтүү атаандаш – ал президенттин уулу жана шаардык администрациянын башчысынын милдетин аткаруучу. Жеңиш мен үчүн анчалык деле маанилүү эмес, мен элдер мага канчалык деңгээлде ишенерин гана көргүм келет”, - деди Хикматулло Саидиён.

Шаардык мажлистин №25 шайлоо округу үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2-апрелде өтөт.

Тажикстандын Конституциясына ылайык, бардык облус, шаар жана райондук администрациянын башчылары жергиликтүү мажлистин депутаты болушу керек. Шаардык мажлисте жеңишке жетишкенде гана Рустам Эмомалиден “милдетин аткаруучу” деген макам алынып салынат.

Тажикстан президенти уулун 12-декабрда Дүйшөмбү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12