
Жалал-Абад шаарындагы мектептерге психологдун штаттык бирдигин киргизүү талабы коюлууда

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин директорлору мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, алардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу багытында мектептерде психологдун штаттык бирдигин камсыз кылууну талап кылышууда. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева катышкан мектеп директору арасындагы кеңешмеде белгилүү болду.
Кеңешмеде 2017-жылдын 2-мартында Жалал-Абад шаарындагы №19 орто мектебинин жана №9 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучуларынын ортосундагы мушташуудан улам №9 мектеп-гимназиясынын эки окуучусу жаракат алгандыгы маалым болгон соң вице-мэр Айзат Раматиллаева, шаардык билм берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, ошондой эле эки мектептин директорлору балдардан кабар алгандан кийин, мектеп директорлору менен эки окуучу ооруканага түшкөндүгү тууралуу талкуу болду.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдиришинче, окуя сабактан кийинки убакта болуп өткөн жана №19 мектебинин окуучусу №9 мектеп-гимназиясынын эки окуучусуна жаракат келтирген.
- Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө балдардын абалы туруктуу. Бүгүнкү чукул кеңешме мектептердин окуу-тарбия иштерин уюштурууну, ички көзөмөлдү күчөтүү, окуучулар арасында зордук-зомбулуктарга жол бербөө, коопсуз жүрүм-турум эрежелерин күчөтүп, кылмыштуулукка барбоо боюнча круч маселе коюлду. Жалпы орто билим берүүчү мектептердин директорлоруна конкреттүү тапшырмалар берилди, ошону менен бирге №19 жана №9 мектептин администрацияларына тиешелүү чаралар көрүлдү, - дейт ал.
Кеңешмеде маалым болгондой, балдардын коопсуздугун сактоо, мындай окуялардын алдын алуу боюнча мектептерге аймактык тескөөчүлөр жана балдар психологу жетишсиз экени айтылды жана андай штаттык бирдик менен камсыз кылуу талабы билдирилди. Мындай талаптар мурда да мектеп директолору тарабынан билдирилип келген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30