KELECHEK
rek

"Ата Мекен": Кыйраган учактагы жүк Атамбаевге жана анын аялына таандык болгон

Текебаевдин камалышы анын Кипрге сапары менен байланыштуу. Бул тууралуу кечээ Бишкекте өткөн пресс-конференцияда "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Токтакунованын айтымында, Кипрге болгон сапарында Текебаевдин колуна Дача СУ айылындагы авиакырсыкка байланыштуу маанилүү маалымат тийген.

- Ал маалыматтарды Текебаев жарыялоого жетишпей калды. Юристтерге, адвокаттарга элге, парламентке жарыялоо үчүн берген. Укук коргоо органдары бул документти биринчи болуп алуу максатында Текебаевди чукул аэропорттон кармаган. Ошондуктан адвокат жолоткон эмес, - деди Токтакунова.

Юристтин белгилешинче, документте Түркиянын атайын кызматынын эмблемасы бар жана анда "өтө жашыруун" деген белги коюлган.

Ошондой эле Токтакунова "Манас" аэропортунун жанында кыйраган учактагы жүк, телефондор жана башка жүк баары "президент Алмазбек Атамбаев жана анын аялына таандык" деп жазылганын айтты.

Юристтин белгилешинче, бул материалдар депутаттык комиссияга гана берилет.

Токтакунова атайын кызмат ушул документти алууну көздөгөнүн жана бул материалдарга байланыштуу жеке өздөрүнө карата да коркунуч жаралып жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, кыйраган учакта баалуу таштар, металлдар, электроника буюмдары болгон.

Быйыл 16-январда Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, 39 адамдын өмүрүн алган. Анын ичиндеги жүк кимге таандык болгону али күнчө так айтыла элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13