Дубнов: Атамбаев саясатта каларын Кремлге ишара кылды
Алмазбек Атамбаев өз билдирүүсү менен президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да саясатта каларын Кремлге ишара кылды. Мындай пикирин Борбор Азия боюнча саясий эксперт Аркадий Дубнов билдирди.
Ал президент Атамбаевдин “президенттик шайлоодон кийин да саясатта калам” деп ырастоосу өзү сүрөгөн талапкерге Москванын колдоосун күткөнү деп эсептейт:
- Алмазбек Атамбаев “мен сүрөп чыккан талапкерди Москва коркпой эле колдой берсе болот” дегенди ишара кылды. Келечектеги талапкер Орусияга ыктаган саясат жүргүзөт жана Атамбаев президенттиктен кетсе да, саясатта калып, аны көзөмөлдөй алат деген сөз болушу мүмкүн. Мындай жол менен Путинди кийинки бийликте да учурдагы жүргүзүлүп жаткан саясат улантылат деп, көндүргүсү келди окшойт.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин 28-февралда Бишкекте жолуккан. Жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында Атамбаев президенттиктен соӊ да саясатта каларын айткан.
Путиндин бул сапарын Кыргызстанда күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого байланыштырып, өзүнүн талапкерин таңуулайт деген пикирлер да айтылган. Ошондой эле акыркы убактарда президенттикке талапкерлер ириде Москванын макулдугун алышы керек деген каңшаарлар арбыган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









