Жалал-Абадда коомдук жайларга бак көчөттөрү отургузулуп жатат
Быйылкы жаздын биринчи күнүн Жалал-Абад шаарынын жетекчилери коомдук жайларга бак көчөттөрүн отургузуу менен башташты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов өз орун басарлары, муниципалдык айрым кызматтардын жетекчилери менен биргеликте коомдук жайларга арчанын көчөттөрүн отургузуу менен башташып, быйылкы жылда шаарда жакшы ийгиликтердин болушун каалашты.
- Албетте, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери шаарда буга чейин эле башталып, жүргүзүлүп келет. Бирок, быйылкы жаздын алгачкы күнүн биз шаар жетекчиси С.Авазов башында турган жетекчилер менен символикалуу түрдө көчөт отургузууга арнадык. Муну менен биз шаарыбызда жана бүт өлкөбүздө быйылкы жылы түзүүчүлүк иштердин көп болушуна, ар кайсы тармактарда жүрүп жаткан иштер ийгиликтүү аякташына, коомубузда тынчтыктын болушуна тилек кылдык, - дейт шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев.
Эскерте кетсек, шаардагы бир канча борбордук көчөлөрдүн боюна 400 түп арчалар отургузулду, көчө бойлоруна эми 1 миллионго жакын гүлдөр эгиле турган болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13