KELECHEK
rek

Сузакта көп тилдүү билим берүү күчөтүлүүдө

Сузакта көп тилдүү билим берүү күчөтүлүүдө

Сузак районундагы мектептерде көп тилдүү билим берүү багытында иш-аракеттер күчөтүлөт. Бул тууралуу Сузактагы Манас атындагы орто мектебинде райондогу бардык мектеп жетекчилеринин катышуусунда өткөн семинарда белгилүү болду.

Семинарда мектептерде билим берүү сапатын жогорулатуу максатында “Көп тилдүү билим берүү - түрдүү мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы” деген тема каралып, бул багыттын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жагы талкууланды.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Душанали Токтогуловдун айтымында, билим берүүдөгү жаңы стандарт менен камсыздоонун негизинде окуучулар мамлекеттик, расмий жана дүйнөлүк тилдерди үйрөнүшөт. Көп тилдүүлүк программасы улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө, кесипке багыт алууга, башка улуттардын  маданиятын үйрөнүүгө, ошондой эле башка тилдерде да кеңири ой жүгүртүүгө жана ой-пикирин кенен, эркин түшүндүрүүгө мүмкүндүк берет.

- Биз келечек муундарды жаңы багытта окутуп-тарбиялап, алардын келечегине жакшы жол салалы деп жатабыз. Бул жерде мугалим ар бир сабагын кызыктуу өтүп, балдар менен, алардын ата-энелери менен жакындан иштешүүсү керек. Мектеп жетекчилери уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү жогору жана жасаган жумушунан жыйынтык чыгара билүүсү зарыл. Ошондо гана жаңы ийгиликтерди жарата алат, - дейт  Д. Токтогулов.

Семинарда Манас атындагы мектебинин мугалимдеринин бул программа боюнча жасап жаткан жумуштары туурасында кенен айтылып, атайын слайддар аркылуу мыкты үлгүлөр көрсөтүлдү.

Белгилүү болгондой, көп тилдүү билим берүү боюнча бул мектепте пилоттук төрт класс тандалып алынып, анда 16 предмет максаттуу тилдерде окутулуп жатат. Бул багытта мектепте чыгармачылык топ уюштурулуп, анда 16 мугалим семинар-тренингдерден өтүп келишкен. Мектепте окутуунун жаңы усулдарын атайын дисктерге жаздырышып, китепчелерди бастырып чыгарышкан.

Эскерте кетсек, Сузак районунда 108 ар кандай профилдеги жалпы билим берүүчү мектептерде 3352 мугалим иштеп жатат. Ошондой эле 37 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30