KELECHEK
rek

Жалал-Абад мэриясы диний мекемелердин абалын жана ишмердүүлүгүн карады

Жалал-Абад мэриясы диний мекемелердин абалын жана ишмердүүлүгүн карады

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы мечиттердин абалы сыйынуучулар үчүн ыңгайлуу, санитардык-гигиеналык жактан талапка ылайыктуу, коопсуздук нормаларына дал келген болушу керек. Ошондой эле мечиттер жана дин кызматкерлери коомдук коопсуздуктун чыңдалышы үчүн өз салымдарын кошууга милдеткер. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин кезектеги отурумунда ушундай жыйынтык чыгарылды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан алынган маалыматка караганда, шаардын аймагындагы диний мекемелердин абалы жана ишмердүүлүгү жөнүндө маселени караган отурумга шаардын активи, дин кызматкерлери, ички иштер органдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Жыйында Жалал-Абад шаарынын аймагында 27 мечит жана 4 намазкана, 11 мечитте жума намаздары окулары, булардын баары ханафий мазхабында өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшөрү айтылды. Шаардагы мечиттердин абалы улам жакшырып, дин кызматкерлеринин коомдук тарбиялоо жана коомдук коопсуздукту бекемдөө иштерине салым кошуп жаткандыктары белгиленди. 

Бирок, ошол эле кезде айрым мечиттерде ыңгайлуулуктар жаратылбай, санитардык нормалар сакталбай жатканы, айрым окуу борборлору расмий катталбай туруп диний максаттарда пайдаланылып жаткандыгы, тийиштүү органдарга билдирбей, уруксат албай туруп жаңы мечиттердин курулуштары жүрүп жатканы тууралуу кеңири талкууланды. Ошондой коомчулуктагы мусулман жамаатынын өкүлдөрү менен башка диний агымдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы мамилелер тууралуу да маселе козголуп, айрым талаш-тартыштар жаралды.

Отурумда 2016-жылы Жалал-Абад облустук казыятта 3 жамаат 4 айга, 12 жамаат 40 күнгө жана бир жамаат 15 күнгө даваат кылуу үчүн катталганы, ал эми шаардын баш имамы тарабынан 5 жамаатка шаар ичинде 3 күндүк даваат кылууга уруксат берилгени, үстүбүздөгү жылдын алгачкы айында 4 айга 2 жамаат, 40 күнгө да 2 жамаат даваат кылуу үчүн катталгаы белгилүү болду. Андан тышкары, 7 имам  диний жогорку билимге ээ, ал эми 24 имам диний орто билимдүү экени да айтылды.

Шаар мэриясынын аткаруу комитети бул маселелерди карап жана талкуулап, мечиттердеги абалды жакшыртуу, коомдук коопсуздукту чыңдоо, бул багытта дин жана коомчулук өкүлдөрү менен тийиштүү органдардын чогуу иш алып баруусун, бардык окуу жайларында балдардын теср диний агымдардын таасирине кирип кетпөөсүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилеген токтом кабыл алды. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13