KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунан 4 ишкана республикалык кароо-сынактын жеңүүчүлөрү болуп табылышты

Жалал-Абад облусунан 4 ишкана республикалык кароо-сынактын жеңүүчүлөрү болуп табылышты

2016- жылдын жыйынтыгы менен 24- февралда Бишкектеги “Хаят” ресторанында КР Өкмөтү жана КР экономика министрлиги тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру - 2016”  кароо-сынагына Жалал-Абад облусунан 6 ишкана катышып, алардын ичинен 4 ишкана республикалык кароо-сынактын жеңүүчүлөрү болуп табылышты.

Атап айтсак, Таш-Көмүр шаарындагы көмүр өндүрүүчү “Тегене” ЖЧКсы “Жалал-Абад облусунун мыкты экспортеру” наамына, Базар-Коргон районундагы пахта буласын иштеп чыгаруучу “Коттон Текстиль Фактори” ААКсы “Жеңил өнөр жайынын мыкты экспортеру” наамына, Сузак районундагы айнек жана таш буюмдарын жасоочу “Эко Стоун” ЖЧКсы  “Айнек жана таш буюмдарынын мыкты экспортеру” наамына жана Сузак районундагы органикалык таза пахта өндүрүүчү СТСК “Био Фермер” “Мыкты экспортер бирикмеси” наамынын жеңүүчүлөрү болуп калышты.

2016-жылдын мыкты экспортеру республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү болушкан ишканалардын жетекчилери КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тарабынан Диплом жана атайын статуэтка менен сыйланышты. Жеңүүчү катары аныкталган ишканалар өздөрү иштеп чыгарган продукцияларына “Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру” логотивин колдонуу укугуна ээ болушту.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун 123,2 млн. АКШ долларында  айыл чарба азык түлүктөрү, сырьелор жана товарлар чет өлкөлөргө жөнөтүлүп, экспорттун өсүү темпи 151,2 пайызды түздү.

Азыркы күндө Жалал-Абад облусу боюнча 70тен ашуун ишканалар, кооперативдер жана жеке ишкерлер экспорттоо менен тыгыз иш алып барышып, облустун жана республиканын экономикасынын өсүүсүнө өздөрүнүн чоң салымдарын кошуп келе жатышат.

 Жолдошбай Осмонов, журналист

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38